Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаевдин үй-бүлөсүндө толуктоо болду. Бул тууралуу ал Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Аллахыма чексиз шүгүр! Биздин үй-бүлөдө толуктоо болду! Алдын ала баарыңарга чоң рахмат! Бизге эмне кааласаңар, силерге дагы Аллахым он эсе берсин!!!”, – деп жазган Сейтек Атамбаев.
Бирок, ал кыздуу же уулдуу болгонун так айткан эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ