Депутат Жанар Акаев “Супер.ТВ” каналына берген маегинде УКМКнын СИЗОсунда жаткан Алмазбек Атамбаевге жолукканы жөнүндө айтып берди.
Анын айтымында, ал Рыскелди Момбеков менен бирге мурдагы президентке абакка барган.
“Сүйлөшүп, аябай жакшы отурдук. Ал кишинин (Атамбаев) ооруп жатканын көрдүм. Көп отура албайт, айрым оорулары козголуп жатканын… Бир чети менин ичим ачышты. Өлкөнү башкарган адамдар мешке жылынып отурганына ичим ачышты. Президент мага өзүнүн убагында кетирген катачылыктарын айтып берди, мойнуна алды. Мени дагы фракциядан чыгарып, кандайдыр бир куугунтук болгону туура эмес экенин, ошол убакта СДПКдан катачылык кеткенин Атамбаев мойнуна алып айтты. Бизге билинбей көп депутаттар барып жолугушат экен. Тымызын тамак киргизишет экен, “эмне колдоо бар?” деп турушат экен. Анткени, баары бир Атамбаевдин саясий күчү бар”, – деп билдирди Жанар Акаев.
“Бир нерсени мойнубузга алышыбыз керек. Атамбаевдин учурунда түндүк-түштүк альтернативдик жолу, чыр болсо дагы ЖЭБдин реконструкция болгону, “Датка-Кемин” сыяктуу чоң долбоорлор башталып, айрымдары бүткөн”, – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ