Ырчы Анжелика коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу ал Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Ырчынын айтымында, ал оорунун жеңил формасына чалдыккан. Дене табы көтөрүлгөн болгон жок, бирок жыт, даам сезбей, жөтөлүп жатат.
Ырчы баардыгын бет кап кийип, социалдык аралыкты сактоого үндөдү.
“Коронавирус биздин арабызда, ал жаңы күчкө ээ. Кооптуулук жөнүндө унутпаңыз”, – деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ