24-майда Өзбекстан Тышкы иштер министрлигинде Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун делегациясы менен жолугушуу өттү.
Өзбекстан ТИМинин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушуу учурунда Ташкент менен Amnesty International ортосундагы өз ара байланыштын келечеги талкууланды.
Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча аймактык директору Мари Струтер жана анын кесиптештери Ташкентте Башкы прокуратура, Жогорку сот жана бир катар министрлик менен мекемелерде болушканын билдиришип, алган таасирлери менен бөлүшүштү.
Жолугушууда ТИМ өкүлдөрү Өзбекстанда Amnesty International уюмунан жашыра турган маселелер жок экенин, адам укугун коргоо тармагындагы иштер уланарын белгилешти.
Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ