Menu

Тажик-өзбек чек арасында бир нече өткөрмө бекет ачылды

Бөлүшүү:

Марттын биринчи күнүнөн тарта тажик-өзбек чек арасында мурун жабылып калган бир нече көзөмөл өткөрмө бекеттери кайрадан расмий түрдө иштей баштады.

«Хаштяк-Бекабад» өткөрмө бекетинин ачылыш аземине эки өлкөнүн аткаминерлери жана Тажикстан менен Өзбекстандын чек арага жакын аймактарында жашаган жүздөгөн тургундары катышты.

«Хаштяк» Тажикстандын Спитамен районунда жайгашкан, ал Өзбекстандын Бекабад облусу менен чектеш.

1-мартта «Саразм-Жартепа» чек ара бекети да ачылды. Ал Пенжикент менен Самарканд чегинде жайгашкан. Мындан тышкары Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы «Уратеппа-Кушкент», «Зафарабад-Хавостабад», «Хавотаг-Учтурган» жана «Навбунёд-Поп» чек ара бекеттери дагы иштей баштады.

Өзбекстанды Шавкат Мирзиёев жетектей баштагандан бери эки өлкө ымаласы жакшырып, ушул кезге чейин чек арадагы жабык турган 14 пункттун тогузу ачылды.

9-мартта Мирзиёев биринчи мамлекеттик сапар менен Душанбеге барат. Кол коюла турган 20 документтин арасында чек ара маселелери бар экени кабарланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: