“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Адилет Камчыбековдун тууганы Талас районунун Арал айылындагы участкалык шайлоо комиссияларынын бирин жетектейт. Бул тууралуу БШК билдирет.
Белгиленгендей, №6098 УШКны Сабырбек Жунушалиев жетектейт, ал Адилет Камчыбековдун атасы.
Райондун аймактык шайлоо комиссиясы Жунушалиевди кызматтан четтетиши керектигин БШК белгилейт. Партия БШКдагы кемчилик болгондуктан, эскертүү албайт.
Белгилей кетсек, 4-окябрда өтө турган парламентик шайлоого 16 партия катталган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ