Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти “Социалдык ишкердикти өркүндөтүү” долбооруна катышып, сертификатка ээ болду. Долбоор Борбордук Азия университети жана Coca-Cola компаниясы тарабынан уюшулуп, ага республикадагы бардык университеттин студенттери катышышкан. Бул тууралуу ЖАМУнун ректоратынан билдиришти.
Адегенде Кыргызстанда жайгашкан университеттерде уюштуруучулар тарабынан атайын семинар өткөрүлүп, сынак жарыяланган. Анда жалпы 806 долбоор жактырылып, анын ичинен 20 студенттин долбоору тандалып алынган.
Жогорудагы 20 долбоорундын катарына ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факултетинин 4-курсунун студенти Адина Нийзанованын долбоору да кирген. Ал Борбордук Азия университетинде “Социалдык ишкердик” программасы боюнча 1 айлык курста окуп, уюштуруучулардын сертификатын алды. Андан соң өзү окуган окуу жайдагы жаштарга аталган долбоор боюнча кенен маалыматтарды берүү үчүн, атайын тегерек үстөл уюштурган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ