Menu

Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы № 2 “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында аймактарды өнүктүрүүгө, мамлекеттин жана коомдун региондорду өнүктүрүүгө карата мамилесин тутумдуу өзгөртүүгө жана алардын күч-аракетин топтоштурууга багытталган милдеттер, ошондой эле региондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө жана аны колдоого алуу саясатын түп-тамырынан өзгөртүүгө багытталган милдеттер аныкталган.

Уюштуруу комитетинин төрагасы болуп, финансы-экономикалык блокту көзөмөлдөгөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри бекитилди.

Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары Кыргыз Республикасынын экономика министри бекитилген.

Уюштуруу комитетине бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасында Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүүсү тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: