Menu

Асланбек Сартбаев, журналист: “Легендарлуу бажы башчы Райым Матраимов сакталып калат, аны каралагандар жок болот…”

Бөлүшүү:

Менин баамымда, соңку күндөрү Райым Матраимовго психологиялык басым жасоого далалаттанган саясый күчтөрдүн чабуулу уланууда. Бирок, мындай аракеттер суу кечпейт. Тек гана коомду жасалма түрдө дүрбөтүү катары сыпаттадым. Мунун өзү кайсы бир деңгээлдеги сыноо. Ар түрдүү партиялар, топтор жана фейктер тарабынан жамандоолор элдин пикирин билдирбейт. Кара пиарларды Райым мырза көңүлүнө деле албаса керек.

1-майда Кара-Сууда өткөн спорттук иш-чарага Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн жоон топ саясатчылар, бийлик өкүлдөрү барышты. Жылда өтүүчү «Исмаил ата» фонду тарабынан уюшулган саамалык эле. Ооба, бул ирет элдин саны 20 миң чамасында болгону, уюштуруу иштери жогорку деңгээлде өткөнү менен өзгөчөлөндү. Башынан эле алгылыктуу иштерди, же алдыга суурулган азаматтарды көрө албаган «кыйшык күзгүлөр» чагылышып келет. Жашоо – күрөш. Ал эми саясый турмушта тынымсыз кагылышуу, аёосуз кармаштар боло берет. Чыдагандар баш көтөрөт…

Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан Райым Матраимовдун кеткенине бир жарым жыл болду. Ошондон бери Алмазбек Атамбаев эл астында оозанса эле «Райым менен дос болбош керек. Кулматов бажыга келер замат төлөмдөр 10 эсе жогорулады» деген сыяктуу кургак айыптоолорго чектелет. Ушуга чейин бир факты, же цифралар аркылуу далил алып чыктыбы? Жок! Ал эми чатактын башы Матраимовдун кайнежеси менен Атамбаевдин кызы урушуп кеткенинен башталганы, ошол кездеги бажы төлөмдөрдүн өскөнү – чек аранын айлап жабылуусунан кийин Кыргызстанга жүктөрдүн күргүштөп киргенинен улам түшүнөбүз. Кулматов агезде жетекчиликке келе калган. Муну аңдоого экономикалык билимдин деле кереги жок го… Аныгында, экс-президент командасы менен каралоо кампаниясын улантып келет. «Бир ит көрүп үрөт, экинчиси көрбөй үрөт» дегендей, коом болгондон кийин кошул-ташыл ар кайсы саясый ышкыбоздордун «боёктору» да сүртүлүүдө. Саясатта таасир жараткан адамдарга карай чаң сапырып, ур-токмокко алуу көндүм көрүнүшкө айланып калган. Маселен, өткөн президенттик шайлоодо Матраимовдор Кара-Суудан эле Сооронбай Жээнбеков үчүн 110 миң добуш алышканы элита чөйрөсүнө маалым. Алдыда дагы парламенттик шайлоо келатат. Мындай шартта жеке гана «Медиа Форумдагылар» эмес, көлөкөсүнөн үшүгөн партиялар да дээрлик интернет айдыңында каарманыбызга чабуул жасап турушпаса баштары оорубайбы?..

Айтмакчы, Кара-Суудагы ошол спорттук иш-чарага катышкан Алмамбет Шыкмаматов менен Жанар Акаевдин «ыңгайсыз болушканы, моралдык жакты ойлошкону» күлкү келерлик. Соцтармактагы «жалданма отряддардын» реакциясынан кийин экөө тең тик секирип кетишти. Жеңил мүнөздүк да… Ушул жерден Чыңгызхандын көсөмдүгүн эрксизден эстейсиң. Ал душмандарын жана өзүнүн армиясынан чыккан саткындарды эч убакта кечирген эмес. Өлүмгө буюрган. Саткынчылык – эң чоң күнөө, оор кылмыш катары бааланган. Чыңгызхан ушундай артыкчылыгы, каардуулугу менен согуштук ийгиликтерге жетишкен. Бул өткөн доорду эмнеге мисал кылабыз? Сабак алалы да. А бизде ойт берип кетүү адатка айланып калганы качан? Береги эки депутат тең кечээги тилектештерин, өнөктөштөрүн сатып кетишкени жаңылык деле эмес го?..

Сөздү тереңдетсем, мисалдар арбый берет. Мен Райым Матраимовду легендарлуу бажы башчысы Ташкул Керексизовго окшоштурам. Экөөнүн тең пейили кенен, адамга ор казбаган, элди ойлогон инсандар. Тагдырдын тамашасын кара, убагында Атамбаев Керексизовго да асылып, жалаа жаап, аныгында, чабышкандары эсимде. Керек болсо, Ташкул акени коомдон сүрүп салууга чейин саясый атакалар болгон. Бирок, элдин баасы, турмуш  жолу ыгы менен өз ордуна коет экен. Учурда Ташкул аке кадырлуу аксакал. Ага эч ким шек келтире албайт, мезгилдин таразасы аныктады. Эртең да убакыт келет, Райым Матраимов сакталып калат, аны каралагандар жок болот…

Асланбек Сартбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: