Menu

Орозонун пайдалуу жактарын билип алыңыз

Бөлүшүү:

Орозо – бул адамдын дене жана руханий ден-соолугу учун аба, суу, тамак-аш, уйку, кыймыл сыяктуу табигий зарыл нерсе. Узагыраак мөөнөт тамак-аш ичпей же уктабай жургөн адам ооруган сыяктуу эле, эч качан орозо кармабаган адам дагы дененин жана рухтун турдуу ооруларына чалдыгат.

Болгону биз өзүбүз үчүн белгилүү деңгээлде пайда алып келген азыктануу менен уйкуну табиятыбызга сиңиргенбиз. Орозону дагы табиятка сиңириш үчүн “Оо, Алланын Элчиси мага Аллахтан пайда алып келчү бир иш тапшыр”,- деген Абу Умамага, Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ): “Орозо карма, чындыгында ага теңелчү эч нерсе жок”, — деп буйрук кылган.

Колумбиялык психологиялык мектептин өкүлү Том Бёрнс Орозо тууралуу кийинки ойлорун баяндаган:

«Мен орозону дене үчүн эмес, көбүнчөсүн рух үчүн терең сыноо деп эсептейм. Орозо тутууну ашыкча салмагымдан кутулуу ниети менен баштасам да мен өзүм үчүн чоң ачылыш кылдым – орозо акылдын өрчүшүнө пайдалуу экен. Ал бардык нерсени тунук кабыл алууга шарт түзөт, ошол эле убакта жаңы ойлорду жана идеяларды пайда кылып, сезимдерди бир нукка бурууга жардам берет экен. Орозо кармаганыма бир нече күн өтпөй эле мен эбегейсиз руханий жогорулоону сездим… Башында организмди ашыкча азыктардын калдыктарынан тазалоону каалайт элем, азыр болсо рухумду өмүр бою жыйнап алган терс нерселерден арылтууга ниеттендим… Мен көрө албастык, оройлук, өзүмчүлдүк сыяктуу бардык терс нерселерден оолактап калганымды сездим. Ошондой эле рухумду ээлеп алган коркуу, көңүл чөгүү, жатып ичерликке окшогон сезимдерден кутулдум… Орозо абалымда мага адамдардын дагы жакшы мамиле кылгандарын сездим. Мен Түркия, Сирия, Аль-Кудста Рамазандын урматына бир ай бою созулган руханий мааракелерди уюштурган мусулмандарды көп көрдүм, мындай нерсени мен дүйнөнүн башка мамлекеттеринде эч качан көргөн эмесмин».

Урматтуу мекендештер, кармап баштаган отуз күндүк Орозоңуз кут болсун!

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: