КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы “А.А.М.” кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, КРнын УКМК ККК жана Аскер прокуратурасынын мекемелер аралык ыкчам тергөө тобу айрым мамлекеттик органдардын жана Өкмөттүн Аппаратынын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу-сатуу боюнча келишим түзүүдө жана аларды пайдаланууга лицензияны кайра берүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.
Ошентип 15-декабрда аталган иштин алкагында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98 беренесинин негизинде, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы “А.А.М.” кармалып, КРнын УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ