Орусиянын Коргоо министрлиги Казакстандан ижарага алган Сарышаган полигонунда ракетадан коргонуу системасын жана ракетасын сыноодон өткөргөнүн кабарлады. 26-ноябрда жарыяланган маалыматта сыноо качан болгону так айтылган эмес.
Орусия Коргоо министрлигинин билдиришинче, жаңы ракета бир нече сыноодон кийин “өзүнө таандык касиеттерди далилдеп, тапшырманы ийгиликтүү аткарып, шарттуу бутаны тактык менен атып түшүргөн”.
#Видео На полигоне #СарыШаган в Казахстане успешно проведен очередной испытательный пуск новой ракеты российской системы противоракетной обороны https://t.co/isCvH7pEfv #ВКС #ПВО #ПРО #Противоракета #ПускиРакет #Испытания #ОружиеРоссии pic.twitter.com/qPTZffjAWs
— Минобороны России (@mod_russia) November 26, 2020
“Ракетадан коргонуу системасы аба жана космостук чабуулдардан коргонууга багытталган” деп айтылат билдирүүдө.
Сарышаганда 28-октябрда да ушундай эле сыноо болгон.
Орусия Караганды облусундагы Сарышаган полигонунун бир бөлүгүн 1996-жылы Казакстан менен түзүлгөн келишимдин негизинде ижарага алган. Полигондун калган бөлүгүн Казакстан пайдаланат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ