Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча сот отурум уланууда.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевди сот отурумуна алып барышкан жок. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, ал расмий түрдө эртең менен сотко келе албайм деп арыз жазган.
“Мурунку мамлекет башчысы эрте менен кан басымы төмөн болгонун түшүндүргөн, ошондуктан соттон отурумду түштөн кийинкиге калтырууну суранды”, – деди Замир Жоошев.
Эсиңиздерге сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш иши: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча өтүп жатат. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган.
Кой-Таштагы иш боюнча айыпталуучулар – депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, экс-депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ