Menu

Товарларды маркалоону жана ККМ-онлайнды киргизүү мөөнөттөрү 1-июлга чейин узартылды

Бөлүшүү:

Тамеки жана алкоголдук продукцияларды милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү жана Жаңы бекитилген техникалык талаптарга ылайык контролдук-кассалык машиналарды колдонуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы токтому менен 2021-жылдын 1-апрелинен 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган чечим товарларды маркалоону жана ККМ-онлайнды колдонууну натыйжалуу киргизүү максатында, ошондой эле ишкердик субъекттерге жаңылоого кошумча убакыт берүү үчүн кабыл алынды.

Алсак, 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген ККМге карата техникалык талаптарга жана ККМди техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарга ылайык келбеген ККМ ушул жылдын 1-июлунан тартып каттала албайт.

Салык органдарында катталган фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок ККМди пайдаланган субъекттер оң абалда болгон шартта гана аларды 2021-жылдын 1-июлуна чейин колдонууга укуктуу.

Мындан тышкары, жаңы белгиленген мөөнөткө ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан тартып тамеки жана алкоголдук продукцияларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо башталат. Ага чейин ошол товарларды маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор жүргүзүлөт.

ККМ-онлайнды колдонуу жана товарларды маркалоо системасы Кыргызстанда “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында электрондук эсеп-фактураларды, автомай куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасын, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана “Жыйынды пост” маалыматтык системасын киргизүү менен катар жүзөгө ашырылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

14 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: