Menu

Аманованын менчик медициналык окуу жайында “бардак”…

Бөлүшүү:

Ырчы, Кыргызстандагы № 1-коррупционер катары сыпатталып келаткан ЖКнын балык депутатынын жубайы Роза Аманова акчанын күчү менен учурунда жолдошу ит бекер менчиктеп алган имараттардын бирине медициналык окуу жай ачып, ал жерде көбүнчө, индустарга, пакистандыктарга кандайдыр деңгээлде билим берип жатканы коомчулукта катуу талкууга алынган. Чынында ырчы айым ырдап эле жүрө берсе болмок, өзү медицинадан такыр түшүнүгү жок туруп, медициналык окуу жайды жетектеп жатканы акылга сыйбаган көрүнүш болгону ырас. Эми ал окуу жайда билимдин эле эмес, тартиптин да жоктугу, “бардак” экени ачыкталды. Аз күн мурун ал жакта окуп жаткан студенттер массалык түрдө мушташып, милицияга суралышты. Мушташ болуп жаткан учурда тартылган тасма турса да, милиция да чындыкты жашырып, “алардын ортосунда пикир келишпестик болгон” – деген маалымат таратты. Бирок мушташтын болгонун далилдеген тасма тургандан кийин анча эмне жандарына күч келди. Же Аманова алар менен “жакшылап” сүйлөшүп койгонбу? Эске сала кетсек, аталган окуу жайда 1000ден ашуун чет элдик студенттер билим алышат. Контрагы болсо арзан эмес. Бир сөз менен айтканда бизнес долбоор…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: