Menu

Америкалык тарап Сооронбай Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү колдоорун билдирди

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-август күнү Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча Орун басары Дэвид Хейл менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө даярдыгын билдиришти. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө базалык макулдашууга кол коюуну даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга кызыкдарлык тастыкталды. Америкалык тарап Кыргызстандагы демократиялык жол менен шайланган институттарды жана мыйзамдын үстөмдүгүн, ошондой эле КР Президенти С.Жээнбеков жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы күрөштү колдоорун билдирди. Кыргыз тарабы Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу маселесинде кызматташууну улантууга кызыкдарлыгын билдирди. Инвестициялык кызматташуу, америкалык бизнести Кыргызстанга тартуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле регионалдык коопсуздук маселелери талкууланды.

Жолугушуу «Борбор Азия – АКШ» жогорку деңгээлдеги Жолугушуу талаасында болуп өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: