Menu

Мадумаров менен Мелис Эшимкановду сактап калган Мисир Ашыркулов

Бөлүшүү:

Мисир Ашыркулов – Акаев бийлигинин убагында КР Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттик администрация башчысы кызматтарын аркалаган белгилүү ишмер. Акаев менен Ленинградда институтта бирге окуп, жакын мамиле күткөн.

Бирок, бийлик учурунда Майрам Акаеванын коррупциялык схемаларына келишпей, аягында грана ыргытылып, катуу жаракат алган. Ошондон кийин акаевдик бийликке каршы туруп, 2005-жылкы революция алдында парламенттик шайлоону утурлай Бакиев, Отунбаева менен бирдикте “Таза шайлоо үчүн” оппозициялык кыймылдын башчыларынын бири болгон жайы бар. Кийин ал киши Кремлдеги таасирдүү досторунун чакыруусу менен Москвага коргоо министрлигине жооптуу кызматка иштеп кеткен.

Ал түгүл 2010-жылы Ашыркуловдун ысымы президенттикке талапкерлердин бири катары аталган.

Ашыркулов кандай ири, чечүүчү кызматтарда иштегени менен коррупцияга, алдым-жуттумдукка аралашпаганы коомчулукта аңыздалып келатат. Ал киши жаңы эле президенттик администрация башчысы болуп келгенинде мурдагы администрация башчысы Жаңы жыл алдында Мисикеге губернаторлордун, министрлердин, ректорлордун тизмесин карматып, ар биринен биринчи айымга 50 миң доллардан чогултуу салты бар экенин айтат. Ашыркулов “губернатор ал акчаны акимдерден, акимдер райондук начальниктерден алып чогултат да чиркешкен коррупция келип чыгат”- деп баш тартат. Муну уккан биринчи айым жаалданып телефон чалганында Ашыркулов аны: “мындай коррупциялык ситеманы токтоткула!”- деп какканын уккан президенттик администрация башчысынын ошондогу орун басары Рыспек Абдылдаев титиреп калат…

Ашыркуловго байланыштуу дагы бир аңыз кеп. Мисике президенттик администрация башчылыгын ыраматылык Медет Садыркуловдон өткөрүп алат. Кагаздарды карап отуруп келишкис оппозиционерлер “Адахан Мадумаров менен Мелис Эшимкановдун көздөрүн тазалоо керек (ликвидировать)” деген жазууларды таап алат. Бийликке бул чектен чыккандык болоорун түшүндүрүп, абалды акырындап жөнгө салат.

Ашыркуловдун оппозиция менен бийликке чыныгы көпүрөлүк кызмат аткарып, курч кырдаалдарды жеңилдетип келгенин 2000-жылдардын башындагы парламенттик шайлоодо ал учурдагы курч оппозиционерлер Өмүрбек Текебаев менен Дооронбек Садырбаевдердин округу болгон Базар-Коргон менен Ноокенге атайылап барып, жергиликтүү бийлик тоскоолдугун токтотуп, алардын депутат болуп келүүсүнө жол ачканы аңыздалып калган. Андан көп узабай Акаевдик режим Ашыркуловду бийлик бортунан ыргытат. Саясий билермандар эгерде Акаев адилет, калыс ишмер Ашыркуловду жанында кармаганда өлкөдө абал оорлушуп, революцияга жетмек эместигин чечмелешет.

Ашыркулов мисалын алдыга тарткан себебибиз – коррупцияга каршы күрөш күч алып, саясий көз караштар курч кагылышкан азыркыдай учурларда Ашыркулов өңдүү таза, акылгөй, билерман жетекчилер мамлекетке көп пайда апкелмегин белгилегибиз келди.

Бекмырза Таалайбеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: