Menu

Кожобек Кудай болуп кеткенби? Алчаңдабай асмандан түшсөчү?…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депута­ты Кожобек Рысбаев акыркы учурда Кудайын тааныбай көөп кетти. Мунун жоругу жолдо калгыр окуялары оголе көп. ЖКда кен, электр багыттары тейлеген “майлуу” комитетти мыкчып олтурат, көптөн бери жетектеп.

Өткөндө катуу суукта депутаттар “тоңуп” калган ТЭЦти текшерип барган учурда бул эргул ТЭЦтин ахыбалы тууралуу маселени, айрым бир жетекчилерге үйрөтүп жатат: Мен мындай суроо берем, сен минтип жооп бер” – деген кыязда. Анын минтип укмуш акылдуу болуп, опулдап сүйлөп жатканын ал жакка барган журналисттер видеокамерга тартып, интернетке жарыялашты. Учурда бул маселе боюнча кызуу талкуу болуп, Кожобекти сөккөн эле кишилердин саны арбып турат. Неге дегенде, опулдаган Кожобектин деңгээли ченелүү жана арты да таза эмес экенин эл билет. Дагы убакыттар өтсө далай былыгы ачыкка булайып чыгып калышы ажеп эмес.

Булак: Багыт 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: