Menu

Жогорку Кеңеште “Мегакомду” сатуу маселеси жана Таш-Дөбө айылындагы 12 гектар жерди ээлеген коттедждердин сатылышы боюнча маалымат угулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун “Мегаком” уюлдук компаниясынын сатууга даярдалып жаткандыгы жана Таш-Дөбө айылындагы 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тийешелүү болгон 48 коттедждин сатылып кеткендиги жөнүндө маалымат угулду. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселе боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев баяндама жасады. Ал Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомунун негизинде “Альфа Телеком” жабык акционердик коому (ЖАК) (“Мегаком” компаниясы) менчиктештирилген обьектилердин тизмесине киргендигин белгиледи. Жалпы жонунан “Мегаком”компаниясы 5 жолу сатыкка коюлуп, ар кандай себептерден улам, соодалашуу болгон эмес. Натыйжада түз сатуу маселеси коюлуп, кечээ Орусия жараны тарабынан сатып алуу боюнча арыз түшкөн. Тиешелүү комиссия арыз берген Орусия жараны менен мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча чечим кабыл алган.

Мындан сырткары, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылындагы менчиктештирилген обьектердин тизмесине кирген 48 обьект 142 миллион сомго сатылгандыгы боюнча маалымат берилди. Бул коттедждерден турган шаарча 8 ирет аукционго колуп, акыркы аукцион 18-сентябрда болгон. 48 обьектинин курулуш деңгээли ар кандай – бири жерпайы гана турган болсо, экинчисинин дубалы турган.

Суроо-жооп жүрүшүндө бир катар депутаттар мамлекеттик бюджетке киреше алып келген “Мегаком” компаниясын сатууда мыйзамдуулуктун сакталышына тыкыр көзөмөл кылуу керектигин белгилешти. Ошону менен катар аны сатып алам деген Орусия жараны тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарына тапшырмалар берилгендиги белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, “Мегакомду” сатуу керек. Анын жабдуулары эскирүүдө. Анткени, мүнөт сайын жаңы технологиялар жаралууда. Бир катар депутаттар бул компаниянын менеджерин алмаштырып, ийгиликтүү иш алпарса боло тургандыгын белгилешти. Ал эми жогоруда айтылган “Таш-Дөбө айылындагы 12 гектар жерди ээлеген коттедждер өтө эле арзан бааланып калгандыгын сынга алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: