Menu

Тажикстандын экстремисттик топторго кошулган 163 жараны мекенине кайтып келди

Бөлүшүү:

Быйыл тогуз айдын ичинде экстремисттик топтордун катарына кошулуп кеткен 163 тажик жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тажикстандын ички иштер министринин кеңешчилеринин бири Кудратулло Гуломов билдирди.

Анын айтымында, алар буга чейин «Ислам мамлекети», «Салафия», «Группа 24» жана «Ансоруллох» сыяктуу экстремисттик топтордун мүчөлөрү болушкан. Мындан тышкары, быйыл чет өлкөлөрдөгү ислам университеттеринде мыйзамсыз окуп жүргөн тажикстандыктардын 68и мекенине кайра келген.

«Министрлик экстремисттик топторго кошулуп кеткен жарандарды мекенине кайтаруу үчүн тынч жашоо образын пропагандалоо жана адашып, туура эмес жолго түшкөн жарандардын туугандары менен жолугушууларды өткөрүү жолун тандап алган. Жолугушуулардын жүрүшүндө эгер жарандар өз эрктери менен Тажикстанга кайтып келип, өкүнүчтөрүн билдиришсе, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотула тургандыгы түшүндүрүлүүдө», — деди министрдин кеңешчиси.

Тажик бийлигинин быйыл сентябрда жарыяланган маалыматы боюнча, өлкөнүн 1900 жараны Сирия менен Иракка барып, «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуп кетишкен.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: