Бүгүн, 12-март күнү Ош облусунун мусулмандар казыятында дүйнө жүзүнө тарап жаткан ар кандай илдеттердин алдын алуу максатында жана өлкөнүн тынчтыгын, амандыгын тилеп, түлөө өткөрүлүп, дуба кылынды.
Анда 1 бодо мал союлуп, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана жергилктүү жамаатка, жетим-жесирлерге жеринде таратылды.
Өткөрүлгөн түлөөгө Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязалы ажы Арипов, ОшМУнун теология факультетинин деканы Зайнабидин Ажимаматов, райондун баш имам хатибтери, аскалдар жана жергиликтүү тургундар катышышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ