Menu

Чубак Жалилов депутаттарды сотко берген жок

Бөлүшүү:

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына жана укук коргоочуларга каршы сотко кайрылган жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Акин Токталиев билдирди.

Анын айтымында, айрым сайттардын “Жалилов Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева менен Элвира Сурабалдиевага, укук коргоочулар Бүбүсара Рыскулова менен Азиза Абдирасуловага каршы сотко кайрылды” деген маалыматы туура эмес.

“Бизге “Чубак ажыга карата жазылды” деген арыз боюнча тергөө органдары жыйынтыгын бере элек. Биз анын жыйынтыгына карата чечим кабыл алабыз”, – деди Токталиев.

Өткөн жылдын соңунда Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы боюнча талкуу чыккан эле. Анда Жалилов экинчи аял алганын ырастаганы тууралуу тасма тараган. Мындан соң диний ишмердин жубайы Гүлнур Жалилова 9-декабрда күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазганы кабарланган болчу. Арызда “өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону” суранган, өмүрлүк жары аларды коркутканын, жашоосу жакшы болбой жатканын, аны менен чогуу жашаганды каалабай турганы жазылганы белгилүү болгон.

Милиция экс-муфтийдин жубайы “Сезим” кризистик борборуна арызданганын да ырастаган. Мындан соң Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар диний ишмерге мыйзам чегинде чара көрүү маселесин көтөргөн эле.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: