Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Биз Атамбаевдин адилетсиз режими учурунда чиновниктерден коркпой соттошуп жүрдүк эле, эми коркмок белек?”

Бөлүшүү:

– Ахматбек Келдибеков силердин сайтка койгон 1 млн. сомдук доо арыз боюнча эмне айта аласыз?

– Бир жылга жакындап калды, Ахматбек Келдибеков бизди “соттотом, жок кылам, миллиондоп айып пул салдырам” деп опурулуп эле келе жатат. Таарынганы “мени “коррупционер” деп атады, мен коррупционер эмесмин” дейт. Чындыгында биз “коррупцияга айыпталган Ахматбек Келдибеков” деп эле жазганбыз. Анын коррупцияга айыпталганы чын, биз аны так билебиз. Анткени, аны Атамбаевдин режими 2013-жылы камакка алганда биздин сайт коргоого алган. Өзүңөр билесиңер, ал кезде биздикинен башка кыргыз тилдүү сайттар жокко эсе болчу. Кийин эле кыргыз тилдүү сайттар көбөйүп кетти. Биз Атамбаев ким экенин билгенибизден улам Келдибековду коргоого алганбыз. Ошондо эсимде, Ахматбек Келдибековдун адвокаты Искендер Журабаев интервью берип, “Келдибековго каршы үч кылмыш иши ачылды, үчөө тең коррупцияга байланыштуу” деп айтканы бар. Андан кийин башпрокуратура деле “Коррупция” беренеси боюнча айып таккан. Жылдап соттошуп жүрүп, соттор, Атамбаев менен тил табышып, беренесин жумшартып алгандыр, бирок, коррупцияга айыпталып соттолуп жүргөнүн так билебиз. Биз ошондуктан “коррупцияга айыпталган” деп жазганбыз. “Коррупция боюнча соттолуп кетти” деп жазган эмеспиз. Ошондуктан, ортомчу кишилер келип, “тиги сайтыңардагы макаланы алып салсаңар эле арызын кайра алат” дегенде макул болгон жокпуз. Бул деген тарых, анын дөңгөлөгүн эч ким артка айланта албайт. Ал коррупция боюнча айыпталганын Кыргызстандын баары билет. Биздин сайт алып салса эле эл унутуп калбайт да. Элдин эс тутумунда, маалымат булактарында кылымдар бою “илгери бир заманда Ахматбек Келдибеков деген спикер коррупцияга айыпталып, Атамбаев деген президент досу абакка тыгып кыйнаган” деп жазылып кала берет. Баса, 2011-жылы Кыргызстандагы саясый күчтөр тымызын биригишип, парламенттеги Атамбаевдин фракциясы кошулган коалицияны бузуп, “Атамбаевди президенттик шайлоонун алдында премьер-министрликтен кетирип, административдик ресурстан куржалак калтыралы, ошондо Атамбаев президенттикке өтө албайт” деп шерттешип, ага Феликс Кулов, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов баары макул болушканда, эртеси Ташиев парламенттин отурумунда “Ата Журт” партиясы коалициядан чыкканын жарыялай турган болуп калганда ушул Келдибеков Ташиевди бура бастырбай аңдып, айнытып, Атамбаевди сактап калганын да жазып жүрөбүз. Ошондо Атамбаев экөө эзилишкен дос болчу, анан эки жылга жетпей Атамбаев досу Келдибековду сатып кеткенде да жазып жүрдүк. Мунун баары тарых. Биз жазбасак башка сайттар, гезиттер жаза берет.

– Сот процесси кандай жүрүп жатат?

– Сот процесси өтө жай жүрүп жатат, эки жолу биз жазган маалыматты экспертизага жөнөтүштү. Баарынан кызыгы, биздин текстти да “Азия Ньюстун” тексттин экспертиза кылган эксперт жасап, Ахматбек Келдибековго жан тартып, ошол каалагандай чечим чыгарып бериптир. Кыязы, ал Келдибековдун “дүжүр” эксперти окшойт. Бирок, биринчи экспертизасынын корутундусунда “Кыргызтудэй” эмес, башка эле бир атты коюп салыптыр. Кыязы, даяр шаблон корутундусу бар окшойт, ошондон атын алмаштырып, “Кыргызтудэй” деп жазбай сотко жөнөтүп жибериптир. Албетте, биз ал корутундуну тааныган жокпуз, себеби, ал жерде башка ат жүрөт. Ошондуктан, сот кайра экспертизага жөнөтүүгө аргасыз болду. Ошондон улам узарып кетти. Эми экинчи экспертизанын жыйынтыгы келгенин айтып жатышат. Ошол биринчи экспертизанын корутундусуна эле биздин сайттын атын алмаштырып коюптур. Биз жумушка мындай мамиле кылган эксперттерге ишенбейбиз, ал эми сот аны кандай кабыл алат билбейбиз.

Жактоочуларыңыз барбы, же өзүңөр коргоп жатасыңарбы?

-Жактоочуларыбыз бар. 2012-жылдан бери көп жолу соттошуп жүрүп тажрыйбалуу болуп калдык. Учурунда парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков биздин сайтты он чакты жолу сотко берди. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы эки жолу сотко берди, Текебаев “сотко берем” деп коркутту, КСДПчы депутат Дастан Бекешов сотко берди, КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев 70 миллион сомго сотко берди. Ушулардын баарынан бизди бир нече жыл катары менен “Медиа полиси” уюмунун адвокаттары коргоп келишти. Адвокат Акмат Алагушовго чоң ыракмат! Бизди аябай аз жоготуулар менен кыйын кырдаалдардан чыгарып кетип жүрдү. Ал эми акыркы эки сот ишинде бизди Чолпон Жакупованын “Адилет” клиникасынын адвокаттары коргоп жатышат, төрт адвокат бөлүп беришкен. Ошондуктан, иш жакшы бүтөрүнөн үмүттөнүп турабыз. Буга чейинки КСДПчы Алга Кылычев менен болгон сотту “Адилет” клиникасы биздин пайдабызга утуп беришти. Аларга да ыракмат!

– Ахматбек Келдибеков силерди доого жыгып салат деп чочулабайсыңарбы?

– Эми антип ачык эле коркуткандар бар. “Бийликтин сотторду көзөмөлдөгөн кишиси Келдибековдун инилери болот, ал иниси Келдибековдун тилинен чыкпайт, силерди миллионго доого жыгып берет” деп айтып жатышат. Биз Атамбаевдин адилетсиз режими учурунда чиновниктерден коркпой соттошуп жүрдүк эле, эми коркмок белек? Силер туу туткан Текебаев деле кечээ Жээнбековду адилет бийлик катары мактады го, ошондуктан, биз “бийлик биздин ишибизде сотко басым жасабайт, сот акчага сатылбайт” деп үмүттөнүп турабыз. Эгер болбой эле сот адилетсиз чечим чыгарса, анда биз шаардык сотко кайрылабыз, ал жерди да сатып алышса, Жогорку сотко барабыз. Кыргызстандан адилеттүүлүктү таппасак, ООНго чейин жетебиз. Анан эмне, Келдибековдун эски досу Атамбаевдей акты кара, караны ак демек белек? Болгонун болгондой жаза беребиз.

Жунус Акимов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: