Menu

Фабула: Ар кыл суроого ар кыл жооп…

Бөлүшүү:

– Кыргыздын каада-салттарын билесиңби?

Аваз Акимов, ырчы:

– Албетте. Кыргыз болуп төрөлгөн соң, кыргыз элинин каада-салттарын ар бирибиз билишибиз шарт деп эсептейм. Себеби ар бир улут өзүнүн тили, дини, каада-салты менен айырмаланып турат. Жентек той, тушоо той, үйлөнүү той сыяктуу тойлордо кармалып келген каада-салттарды жакшы билем. Мындай тойлордун да көбүндө кызмат кылам. Ошондуктан кандай жөрөлгөлөр болоорун көрүп угуп жүрөм.

– Тагдырдын буйругуна ишеним артасыңбы?

Ариза Рысулбекова, актриса:

– Ммм… Кээ бир учурда ишеним артсам, кээде ишеним артпайм. Себеби айрым максаттар биз ойлогондой тез убакыттын ичинде ишке ашса, кээде ишке ашпай калат. Жашоо баары биз ойлогондой идеалдуу эмес. Бирок идеалга жакындаштырып, позитив менен жашоо ар бирибиздин колубузда.

– Патриот жигиттердин катарын толуктайсыңбы?

Адилет Азимов, ырчы:

– Ооба. “Мен кыргызмын” деген ар бир инсан патриот болушу шарт. Патриоттук күч бекем болсо көп ийгиликтерге жетишсе болот. Бирок акыркы учурда “патриот” деген сөздү туура эмес жактарга пайдаланып жаткан адамдар четтен чыгууда. Бул албетте кейиштүү көрүнүш. Менде көп учурда Кыргызстандан сыртка чыккан маалда патриоттук сезимим ойгонот. Чет жерде жүрүп Кыргызстандагыдай мамлекетте жашаганыма сыймыктанам!

– Сени социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары тааныйбыз. Интернет менен ооруйсуңбу?

 Нурлан Насип, ырчы:

 – Интернетке керектүү маалымат болсо гана баш бакпасам, башка учурда таптакыр кирбейм. Чыныгы жашоодо менен реалдуулук менен жашаш керек деп ойлойм. Көпчүлүк убактымды жаратылыштын кооздугуна суктанып, чыгармачылык менен алек болгонду жактырам. Интернетте көп олтуруп виртуалдык жашоодо жашап калуудан корком. Интернетке кирсем, ютуб каналын көп пайдаланам. Кесибиме байланыштуу жаңы чыккан ырларды тыңдап, клиптерди көрүп турам.

– Ушактан кантип кутуласыз?

Роза Мамытбекова, продюсер:

–  Ушак кептер чыкса, көрө албастар болсо да алардын баарына тең маани бербей, териштирбей жеңем. Ушак айтылса мен сынып калбайм. Мен өзүм ушак айтпайм. Ошондуктан ал нерсени маселе катары көрбөйм. Эң башкысы мен өзүмдүн кандай адам экенимди жакшы билем. Ушак эмес, мага кемчиликтерим жөнүндө көбүрөөк айтышса, аны туура кабыл алып оңолгонго аракет кылам.

– Ар бир чыгармачыл адамдын атын чыгарган чыгармасы болот дейт. Сизге атак алып келген ыр?

Айчүрөк Султанова, ырчы:

– Жаңы чыгармачылыкка аралашканда шаңдуу ырларга басым жасаар элем. Эл тараза демекчи, «Сенин үнүң элдик ырларга төп келет эски ырларга кайрылып көрсөңчү» деген сын-пикир көбүрөөк айтылар эле. Ал кеп-кеңештерди туура кабыл алып, Ж.Шералиевдин «Түшүмдө» деген ырын ырдап чыксам эл абдан жакшы кабыл алды. Өзүмө да абдан жагып, ошол ырыма клип тарттырып элге тартууладым. Ушул ыр жолумду ачты десем болот.

–  Көрө албастык сезим барбы?

Жумагүл Райымжан кызы, ырчы:

-Көрө албастык колунан эч нерсе келбей, оозу менен гана иш бүтүргөн адамдарда болот. Менде андай сапат жок. Башкалар ийгиликтерге жетишип жатышса, кубанам. Бирөөнүн ийгилигине ичи тардык кылып эмне кылам. Ичи тардык кылганда эле ийгилик жаралып кетпейт да. Андан көрө иштеп ийгиликке жетиш керек го деп ойлойм.

– Кыргыздын кайсы каада-салттарын күнүмдүк жашооңузда пайдаланасыз?

Айбек Касымов, ырчы:

– Дээрлик бардык каада-салттарды күнүмдүк жашоомдо пайдаланам деп айтуудан алысмын. “Бата менен эл, жамгыр менен жер көгөрөт” дегендей, батага абдан терең маани берем. Колдон келсе улуулардын батасын алганга аракет кылып келем. Анткени батанын артында  терең тарбия жатканын жакшы билем.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: