КР Жогорку Кеңешинин шайлоого даярдыкты текшерүү боюнча комиссиясы 2-декабрь күнү БШКнын төрайымы Нуржан Шайылдабекова менен Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди чакырып алып 11-декабрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга даярдыкты талкуулады.
Мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев шайлоочулардын акыркы тизмелери Мамкаттоо кызматы тарабынан даярдалып, БШКга өткөрүп берилгенин билдирди. Бирок депутат Максат Сабировдун ал тизменин бир көчүрмөсүн депутаттык комиссияга да берүү талабына Сарпашев “ага силердин укугуңар жок, ал мамлекеттик сыр” деп баш тартты. Ага ачууланган депутат Максат Сабиров “Эгер тизмени Жогорку Кеңештин депутаттары алалбаса, баарын ГРС чечет турбайбы. Анда шайлоо өткөрүүнү да ГРСка берелиби? Жакшысы шайлоочулардын тизмесин даярдоону ГРСтан БШКга эле өткөрүп бериш керек” деген сунушту айтты.
Тайырбек Сарпашев жетектеген Мамкаттоо кызматы шайлоочулардын тизмесин даярдоодо ар кандай куулук-шумдуктарга барып жатканы тууралу шек улам күчөп баратат.
Видео: НТС
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ