Menu

Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады

Бөлүшүү:

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комитети шайлоочулардын 87,8% добуш бергенин жарыялады.

Алгачкы жыйынтыктар бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00дөн кийин пайда болот. Комиссиялар добуштарды санап башташты.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясына эл аралык байкоочулардан бир дагы шайлоодо мыйзамы бузулганы же кемчиликтер тууралуу арыз түшкөн жок. Бул тууралуу маалымат жыйында БШК төрагасы Мырза-Улукбек Абдусаломов билдирди.

Коомдук пикирди сурамжылоолор көрсөткөндөй, азыр президенттин милдетин аткаруучу, Каримовдун тушунда премьер-министр болуп турган Шавкат Мирзеёевдин утаары күтүлүп жатат. Ал ички жана тышкы саясатта мурдагы саясий багытты улантарын билдирген.

Өзбекстанда кезексиз президенттик шайлоо өлкөнүн тунгуч президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин белгиленген. Расмий маалыматтар боюнча ал 2-сентябрда 79 жашында мээсине кан куюлуп көз жумган.

Өзбекстан Конституциясы боюнча жогорку мамлекеттик бийлик президентке таандык. Баш мыйзамга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, президент беш жылга шайланат жана бийликте эки мөөнөт катары менен турууга гана укугу бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: