Menu

Жусупжан Жээнбеков: “Атамбаев Жалал-Абадка Аксыдан эле катуу мас болуп келген, ошондо Атамбаев өлүп калса Бекназаров күнөөнү мага оодармак экен”

Бөлүшүү:

Белгилүү саясый ишмер, экс-губернатор Жусупжан Жээнбеков редакциянын телефонун бурап, учурда коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан Азимбек Бекназаровдун калемине таандык«Мен кыргызмын» аттуу эки томдон турган китебинде айрым тактоочу жагдайлар бар экенин, Азике бир тараптуулукка ыктап, Жусукебиз катышкан жагдайларда чындыктын үлүшү жок экенин айтып, ачуулана үн катты. Эмоцияга алдырып, опурулган каарманыбызга карата эркин микрофон сунуп турган кербезибиз.

– Жусуке, тынччылык элеби? Азимбек Бекназаровдун китебине каарман катары кирип калганыңызга неге мынча ачууланып жатасыз?

– Кайсы бир тойдо отурган карыя аксакалдардын бири осуруп туруп жанындагы жаш балага карап, «балам, уялбастан мага шылтап коё бер» деген экен. Ансыңары, 2009-жылы депутатгык мандатымды тапшырган соң «Жаңы Ордо» гезитине «Азимбек, сен болгон иштерди мага, Алмазбек Атамбаев экөөбүзгө шылтап коё бер» деген мааниде какшыктап интервью бергем. Кечээ Бекназа­ровдун жаңы жарык көргөн «Мен кьгргызмын» аттуу китебин окусам, мени Алмазбек Атамбаевди ууландырган каарман катары көрсөтүп коюптур. Азимбек Бекна­заров пайгамбар жашына келип, неберелүү болуп калган сакалдуу курагында жалган айтып турушу Кудайга жагабы? 2009-жылы андагы оппозициянын атынан бирдиктүү талапкер катары чыккан Алмазбек Атамбаев биздин Жалал-Абад облусундагы эл менен болгон жолугушууга өзү чоң кызуу абалында келгени чын. Дал ошол ирмемдерде Алмазбек Атамбаев экөөбүз урушуп кеткенибизде жаныбызда Азимбек Бекназаровдун болгону да ырас. Бул окуядан көп өтпөй мен жогоруда айтканымдай, «Жаңы Ор­до» гезити аркылуу Бекназаровго Атамбаевдин миңдеген кишилер менен биргеликте БШКга барып, добуштарды санатаарын, жарандык согушка чакырык жасаган сындуу кадамдарын жазуусун өтүнгөм. Болгондо да Азимбекке Алмазбек Атамбаевдин көзүнчө анын терс кадамдарын айтып, ин­тервью берүүсүн айткам. Ошондо оозуна талкан салып алгансып унчуккан эмес. Бүгүн Атамбаевдин президенттик доорунун аякташына бир жылга жетпеген убакыт калганда «ак карга» болуп, жалган-чынды койгулаштырып жазып жатканына таңыркап турам.

-Азике тарыхый чындыкты жазганын айтып жатат го?

-Кайдагы тарых? Бекназаров­дун жазгандары өзүнүн тарыхы болсо керек да. Тарыхый чындык болсо, анда эмнеге ошол убакта айтпады? Азимбек бир нерселерди айтып, жазса эле тарыхый чын­дык боло береби? Тарыхый чын­дыкты ошол процесстерге катыш­кан адам катары мен дагы айтып берейин. 2009-жылы Атамбаев БЭКтин атынан бирдиктүү талапкер ка­тары президенттикке аттанып, түштүккө үгүт кербенин жүргүзүп жаткан убакта мен Жогорку Кеңештин депутаты болчумун. Депутат катары Атамбаевди үгүт маалында жер-жерлерге барганда жанында жандап жүрүп алсам, аны бийлик президенттик жарыштан жыга чапмак. Мындай жагдайды эске алып, мен Атамба­евдин Жалал-Абад облусундагы Токтогул, Аксы район тургундары менен болгон жолугушуусуна барган эмесмин. Атамбаев Жалал-А-бадга келгенде Сузактын «Топурак-Бел» ашуусуна барып, досум катары тосуп алып, жолугуштук. Машинеден түшкөндө эле Атам­баев кызуу болчу, «Токтогул ме­нен Аксыга келбей койдуң» дегенсип мага капа болуп турганы дароо сезилди. Атамбаевдин абалын көргөн соңдароо Азимбекке ачууланып, эртең эл менен жолугушуу бар экенин эскертип, «нормалдуу келбейт белеңер» деген сындуу ачуу пикиримди айтсам, Бекна­заров кебелбей «туугандарыбыз сыйлап койду, эртең мененкиге чейин жакшы болуп калабыз» деп каамырабайт. Айла жок, аларды тосуп алган соң Жалал-Абаддагы эң алдыңкы делген шарты жак­шы мейманканага алып бардым. Мейманканага кирерде үн күчөткүч аппараттарды салып жүргөн чоң унаа дарбазадагы аркадан батпай калды. Баятан бери ма­га капа болуп турган Атамбаевге машиненин батпай калышы жак­шы себеп болуп берди. «Сен ме­ни ушундай мейманканага алып келесиң» деп сөгүнө сүйлөп, мей­манканага кирип кетти. Атамба­евдин бул кылыгына дароо ачуум келип, Азимбекке карай бул эмне мынча жиндеп, сөгүнүп жатканын айтып, дароо бурулуп басып кетеримде Бекназаров “Жусуп аке, туруп туруңузчу, азыр мен аны менен сүйлөшөм» деп Алмаздын артынан мейманкана­га кирип кетти. Арадан эки саат өткөндө Азимбек өзү чыгып, «Жусуке, сизди чакырып жатат, жүрү кириңиз, сүйлөшөбүз» деп калышканынан кирсем, Атамба­ев өз бөлмөсүндөгү столдун үстүн жасалгалатып, Бекназаров ките­бинде жазгандай «Путинка» эмес. «Главспирт» деген арак турган экен. Ошентип, алдыга кичинекей чөйчөктөргө беркиден куюлганда, мен кичинекей рюмка ме­нен иче албастыгымды, 250 граммдык бокалга куйдуруп, бир баса турганымды айтып, куйдуруп, бастырып алдым. Азимбек кант ди­абета менен ооруп, ичпестигин айтты эле Атамбаев «ич» деп кекетип, сөккөндө шылкыя түшүп алганга аргасыз болду. Ошентип биринчи бөтөлкөнүн аягына чы­гып, экинчи бөтөлкө капортолоп калганда сөздөн-сөз чыгып, Ал­маз экөөбүз айтыша кеттик. Бул жерден да Алмаз «мен керек бол­со миндей адамды алып чыгып. БШКга барып, добуштарды санатып алам» деп опурулду. Сөз арасында жалалабаддыктарга асыла кетип жатты. Мындан соң мен чыдабай кетип, Бекназаров экөөнө тең «силер жарандык согуш чыгарууга аракет кылып жатасыңарбы, андай болсо биздин жолубуз эки башка экен. Азимбек, сен буга юрист катары түшүндүрбөйсүңбү. бул эмнеге Жалал-Абаддын элине асылып жатат, сен дагы ушул жактансың го» деп ачуум менен бир тийдим. Мында да Азимбек оозуна талкан салып алгансып, башты шылкыйтып, шымын булгап ал­ган кишиче үн катпай отурду эле Атамбаев ага карата «а бул унчукпайт» десе болобу? Буга да жиним келип «сен эмне буга төлөдүң беле?» деп бир тийсем, «ал өзүнө керектүүсүн алган» деп ачык айт­ты. Ошону менен Бекназаров оозун ачканга жараган жок. Мен да экинчи бөтөлкөдөн ооз тийип, үйгө карай эс алганы кетип калдым. Менин ачуума тийгени «Жусуке муну таң аткыча ичирип ууландырып койгонбу?» деп күмөн санап, эки «Путинканы» алдым» дегенинде болууда. Экөө мага чейин эле Аксыдан мас болуп келишкен. Дагы Кудай сактаптыр, ошон­до Атамбаевдин көзү өтүп кетсе, Бекназаров күнөөнү мага оодармак экен… Өзү кошо Алмаз менен ичип отуруп, кайра өзү четке чыга бергени кандай? Баягы «Сынган Кылычта» Абил бий Бекназарды уу коргошун менен кымызга уулайт. Ошондо үйүнө келген Бекназар (Азимбек бул кишинин урпагы эмес) «эки элди чабыштырып койбойлу» деп жан берген экен. Мени бул Азимбек аксылык Абил бийдей ойлоп жатабы? Ырас, ортодо урушканыбыз чын. Эркек болгон соң жигитчиликте урушасың, табышасың да. Бирок Азимбекчесинен кеткен кишинин аркасынан ушактабай, чындыкты бетине айтам. Жалган сүйлөө менин табиятыма жат нерсе.Бекназаровдун өзүнө силердин гезит аркылуу мындай суроо салгым келет. «Азимбек, 2005-жлы башкы прокурорлуктан сени Бакиев айдап жибергенде Төө-Ашуудан келе жатып авария бо­луп, колу сынды дешкен. Ошондо колуң чындап КамАЗды сүзүп алып сынганбы же биздин бир азамат жигитибиз «сенин пара ала турган колуң ушулбу?» деп ар­матура менен чаап сындырганбы? Жалганды жазганды коё туруп, алгач ушуга пайгамбар жашыңда эл алдында ачык жооп бере аласыңбы? Бекназаровдун колун кыргыздын бир азаматы «пара ала турган колуң ушулбу?» деп туруп арматура менен чаап сындыргандыгы боюнча кептер ушул күнгө чейин каңкууланып келет.

-Алмазбек Шаршенович кызуу болуп дааратканадан үргүлөп кеткенинен бери Бекна­заров саймедиреп салыптыр го? Ошондой жагдайлардан бери айтыштын зарылчылыгы бар беле?

-Анысын көргөн жокмун. Көрбөгөн сон, Азимбекчесинен жал­ган айтууга менин дитим барбайт. Эртеси таң эрте келсем, Бек­назаров сыртта ары-бери басып жүрүптүр. Мен кеткенден кийинки окуяны сурасам, экөө ичимдиктин калганын шыпкашкандыгын, Атамбаев башын көтөрө албай кусуп, азыр балдар анын бөлмөсүн тазалап жаткандыгын айтты. Мен ага кирбесимди, кирсем мушташып кетеримди айтып, биздин Жалал-Абадга келгенде «ит капты» мамиле кылбай, андан көрө кете берип, аларды кечээги тосуп алган «Топурак Белден» күтөрүмдү билдирип баса бердим. Үйгө кирбей кетип калган сон, Бекназаров жазгандай, анын туалетке кирип уктап калганын көргөн жокмун. Келип, саат 12ге дейре күтсөм жок. Кайра-кайра телефон чалсам Азимбек «өзүнө келе албай, тура албай жатат» деди. Акыры чыдамым кетип саат 1де чалып, алардын эл менен боло турган жолугушуусун баардык жагынан камсыз кылып, уюштуруп койгонумду айтып, Бишкекти
көздөй келе бердим. Мунун баарын ошол кездеги Атамбаевдин Жалал-Абад облусу боюнча штабында иштеген балдардын баардыгы билет. Бекназаровдун калпты жазганын окуса, алар да жинденет болуш керек. Андан ары Атамбаев эл менен кандай жолугушканын билбейм. Анысы Азимбекке белгилүү. Бекназаров өзүнүн китебинде Атамбаевди мейманканадан алып чыгып, суу сактагычка алып келгендигин ба­са белгилептир. Андай эмес эле эл менен болгон жолугушуудан соң гана ошол жерге алып келип чала-бучук соолуктуруп, анан гана мейманканага алып барышкан. Ошол боюнча мен Бекназаров менен сүйлөшкөн жокмун. Бишкекке келер менен парламентке келип, өз арызым менен депутаттыктан кеттим. Себеби, ыраматылык, бейиши болгур баламдын сөөгүн издөө үчүн мандатымды таштадым. Ага чейин ушул эле Атамбаев баламдын өлтүрүлгөндүгүн айткан. Качан, каяктан өлтүрүлгөндүгүн айтпай жаткандыктан, мен издөөгө аргасыз болуп, мандатымдан баш тарткам. Эр­теси «Жаңы Ордо» гезитине бул боюнча маек да бергем. Аны редакциянын архивинен да карасаңар болот. Өзүм эле бербестен, Жалал-Абаддагы Атамбаевди жандап жүргөндөгү окуялар бо­юнча Азимбекти маек берүүсүн өтүнсөм, бир ооз ачып койгонго жараган эмес. Балык болуп ту­руп калган. Ошондо да ачуум ке­лип, «сага Атамбаев акча төлөп койгону чын окшойт» десем, лам этап ооз ачканга жарабады. Ка­чан Атамбаев хан тактыдан кетерин билип, арадан алты жыл өткөн соң калпты-чынды койгулаштырып, ар нерсени чүргөп, өзүн «ак карга» сезип, чындыктын символундай көрүнгүсү келип жатат. Же чындыкты жазам деп кайран кысталак жалганга сүңгүп кеткенин билбей калганбы? «Оштогу Жусупжан Жээнбековго телефон чалдым» дейт. Мен Бишкекте мандатым­ды таштап жүрсөм, кайдагы Ош? Азимбектин өзүнө жолуга элекмин, жолуксам деле мынчалык жалганды жазганына эмне күч келгенин сурамакмын. Мен бүгүн Текебаев, Атамбаев, Бекна­заров сыяктуу бири-бирибиздин артыбызды чукушмайга кирип кеткениме кыжалаат болуп ту­рам. Жаштарга үлгү болчу куракта жогоруда үч саясатчыдай болуп булар менен айтышып жатканыма кыжалаатмын, үкам.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: