Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкара албайт. Мындай пикирин абакта жаткан оппозиция лидери Бектур Асанов кечээ, Биринчи май райондук сотуна келген учурда билдиргенин жаш активист Адил Турдукулов фейсбуктагы баракчасында жазды. Анын айтымында Б.Асанов бул сөзүн коомчулукка жеткирип коюну өтүнүптүр.
Эске салсак, кечээ, 6-июль күнү Бишкетин Биринчи май райондук сотунда абактагы оппозиция лидерлери Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнист Карыбековдун иши каралып, сот аларды дагы бир айга УКМКнын СИЗОсунда калтыруу боюнча өкүм чыгарды. Сотко келген оппозиционерлер бийликтин кысымы аларды чөгөлөтө албай тургандыгын жана акыйкат үчүн аягына чейин күрөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ