Menu

Башкы прокуратуранын “Сапат” лицейинин эки кызматкерине чыгарган токтомун сот жокко чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда Биринчи май райондук соту “Сапат” лицейинин эки кызматкерин Түркияга өткөрүп берүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, Башкы прокуратуранын токтомун мыйзамсыз жана негизсиз деп тапты. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда УКМКнын тергөө абагындагы “Сапат” лицейинин эки кызматкери – Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди кылмыш жообуна тартыш үчүн Түркияга өткөрүп берүү тууралуу Башкы прокуратуранын 25-декабрдагы токтому жокко чыгарылды. Алар он күндүн ичинде апелляциялык арызм енен шаардык сотко кайрыла алат. Айыпталуучуларга “Түркиянын аймагындагы куралдуу террордук уюмдарга катыштыгы бар” деген айып тагылган.

Эске сала кетсек, кыргыз-түрк «Себат» лицейи 2017-жылы «Сапат» деп өзгөртүлгөн. Мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” билим берүү мекемелери Кыргызстанда өз ишин 1992-жылы баштаган. Анын түзүүчүсү, диниятчы Фетхуллах Гүленди Түркиянын президенти Режеп Эрдоган өзүнө душман санап, анын кыймылын «террордук» деп таанууга жана 2016-жылы кыргыз-түрк лицейлерин жабуу маселесин көтөргөн. Андагы президент Алмазбек Атамбаев ага каршы чыккан. Ошондон улам экөө “душман” болуп калган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: