БШК билдиргендей шайлоонун үгүт иштерине старт берилбей туруп, кээ жерлерде шайлоого карата үгүт иштери башталып кетти. БШК: Азыр БШК тарабынан аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо иштери жүрүп жатат. Кандидаттардын тизмеси тактала элек, бирок бизге жеткен айрым бир маалыматтар боюнча үгүт иштери башталып кеткенин кабарлап жатышат. Ошондуктан саясий партияларга кайрылуу жасайбыз, мындайга жол бербөөсүн талап кылабыз. Эскертүү: шаардык кеңешке үгүт иштери 11-ноябрдан, ал эми айылдык кеңештерге 21-ноябрдан башталат. Үгүт иштери шайлоого 24 саат калганда же 10-декабрь саат 8-00дө токтойт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ