Menu

Назарбаев менен Путин Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүн талкуулады

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты жана Сирия жаңжалын жөнгө салуунун перспективаларын талкуулашты. Бул тууралуу 25-сентябрда Казакстандын расмий маалымат каражаттары кабарлашты.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Владимир Путин Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Орусиянын аракеттери тууралуу айтып, тараптар Астана сүйлөшүүлөрүн улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Сирия боюнча тынч сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы Астанада 14-15-сентябрь күндөрү өтүп, анын катышуучулары Сириянын Идлиб провинциясында коопсуздук аймактары түзүлгөнүн жарыялашкан. Бирок анда Сирия оппозициясы Иранды деэскалация зоналарындагы коопсуздукту камсыздоочу кепил өлкө катары кабыл алуудан баш тартарын билдирген.

Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө кепил өлкөлөр болуп эсептелишет. Андагы сүйлөшүүлөр БУУнун көмөгү алдында Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн сырткары өз алдынча уюштурулууда. Алты жылга созулган Сириядагы согушта Орусия менен Иран президент Башар Асаддын өкмөтүн колдоп келет. Түркия менен Кошмо Штаттар болсо түрдүү көтөрүлүшчүл күчтөрдү колдошот. Согуш башталгандан бери анда жалпысынан 330 киши мерт болгону кабарланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: