Menu

Узарбек Жылкыбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Өзбекстан менен карым-катнаш күчөп, бажы тармагы жакшы жыйынтык бере баштады”

Бөлүшүү:

– Узарбек мырза, учурда Ош облусунда кандай көйгөйлөр бар?

– Аймактарды өнүктурүү жылынын алкагында бир катар иштер белгиленип, өткөн жылы 57 объект, бул жылы 72 ишкана ачылды, жүздөгөн жумуш ордү түзүлүп, бүгүнкү күнгө пландалган 27 объекттин 14ү курулуп бүтүп тапшырылды, 37 ишкана ачылды. Анткен менен көйгөйлөр да жок эмес. Биринчиден, Ош-Ноокат жолун бүтүрүү иши кечигип жатат. Бир нече айылдар социалдык жана турмуш-тиричилик объекттерин куруу үчүн жер аянты жок жана турмуш-тиричилик калдыктарын сактоочу жайга муктаж. Облустагы 534 мектептин 500ү интернет менен камсыз болду, бирок 30 мектеп азырынча түйүнгө кире элек.

Бүгүнкү күнгө карата облус аймагындагы 1 миллион 331 миң 836 адам жашаган 493 калктуу конуштун ичинен 1 миллион 106 миң 242 адам жашаган 376 калктуу конуш ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. Башкача айтканда, таза суу менен камсыз болуу облус боюнча 82,9 пайызды түзөт. Ал эми калган 117 калктуу конушта жашаган 248 миң 396 адамдын, же 17,1 пайыз калктын таза суу менен камсыз болуусу курч боюнча калууда.

Дыйкандар менен фермерлердин продукцияларын экспорттоо үчүн импортерлорду таап келишим түзсөк, алар сураган көлөм чыкпай калып жатат. Ошого Өзгөндө 25 тонна эт батчу заманбап мал союучу ишкана ачылды, бул да жетишсиз, буюрса жыл аягына чейин Араванда да ушундай ишкана курулуп бүтөт. Ал эми дыйкандар менен багбандардын бул көйгөйүн чечүү үчүн ирилештирип, ассоциацияларды түзүп, чет элдик коллегалары менен жолуктуруп жатабыз. Айтор, иш болгон жерде кемчиликтер да болот экен.

– Өзбек туугандар менен карым-катнаш, чек ара каттамдары кандай?

– «Достук» унаа жол көзөмөл өткөрүү жайынын иштөөсүнүн укуктук негизи болуп төмөнкүлөр саналат: 2004-жылдын 24-июнундагы Кыргыз Республикасынын менен Өзбек Республикасы өкмөттөрүнүн ортосундагы мамлекеттик чек арадагы көзөмөл өткөрүү жайлары жөнүндөгү келишим. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы N-556 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарынын иштөөсүн иретке келтирүү чаралары жөнүндө» токтому.
Жогоруда аталган келишимдерге жана өкмөттүн токтомуна ылайык «Достук» унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы эл аралык, көп тараптуу статусуна ээ болгон. «Достук» унаа жол көзөмөл өткөрүү жайы 2003-жылдын 13-сентябрында чек ара көзөмөлүнө өткөрүлгөн. Ал эми 2017-жылдын 5-сентябрынан баштап Өзбекстан тарабынан чектөөгө алынып, күнү-түнү өтүү киргизилген. Ошондукган, чек ара каттамдары жакшы жолго коюлган десек болот. Бүгүнкү күндө бир сутканын ичинде эки тарапка 17 миңден 18 миңге чейин адам өтүүдө. Мындан сырткары, тажрыйба алмашуу, соода-сатык, туризм тармагында карым-катыш күчөдү. Биз Өзгөн күрүчүн, травертин сары ташын, бал экспорттоп жатабыз. Андан сырткары, Ош облусунда жаңыдан жолго коюлуп жаткан «Тоо туризминде» алар реалдуу кардар. Буюрса алакалар мындан да жакшырат.

– Бажы кызматынын көрсөткүчтөрү кандай?

– Кудайга шүгүр, бул жылы жылдагыдан жакшы жыйынтыктар бар. Дагы жакшы жыйынтыктар болот.

– Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан бери кандай өзгөрүүлөр байкалууда?

– Бажы кызматында тышкы соода-сатыктын айланышы бир кыйла жеңилдеди. Ошол эле убакта Ош облусунда экспорттун өнүгүүсүнө шарттар түзүлүп, экспортко чыгуучу айыл чарба жана башка продукциялар сертификацияланып, ЕАЭБдин талаптарына жооп бере турган лабораториялардан өтүп, товардык маркасын белгилеген сертификаттар бериле баштады. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында мөмө-жемиштерди алып, кургатып, таңгактап, маркировка жасаган логистикалык борбор, Араван районунда мөмө-жемиштерди жууп тазалап, таңгактап, чет өлкөлөргө экспортко чыгаруучу логистикалык борбор, мөмө-жемиштерди сактоочу 17 даана муздаткычтар менен жабдылган кампалар ачылды. Облуста 13 даана мал союучу цехтер иштеп жаткан болсо, анын бирөө Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагында малды союп, сактап, экспортко чыгаруучу заманбап эл аралык талаптарга жооп берген ишкана ачылды. Жыл аягына чейин Араван районунда ушундай цех ишке кирет.

ЕАЭБдин талаптарына ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборуна өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн алкагында Россия Федерациясынын кайтарымсыз жардам иретинде 98,0 миллион рублдан ашык каражатына бөлүнгөн негизги 6 изилдөөчү жаңы акыркы үлгүдөгү заманбап жабдуулар жана 40тан ашуун кошумча жабдыктар менен камсыздалды. Кошумча Россия Федерациясынан 56 түрдөгү ар кандай лабораториялык жабдыктар келиши күтүлүүдө.

Ушинтип, кемчиликтерди жоюп, иш алып барууга аракеттенип жатабыз. «Көч бара-бара түзөлөт» дегендей, дагы жакшы иштер алдыда.

Керим Мурас, Ош шаары

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 49 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: