Menu

Видео – Түрмөнстанда теле аркылуу секс жана жаман адаттарды көрсөтүүгө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов фильмдерде жана телекөрсөтүүлөрдө секс, зомбулук жана жаман адаттарды көрсөтүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду.

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” мыйзам мындан тышкары өлкөнүн “жакшы образын” жаратууга чакырат. Түркмөн бийлиги документ улуттук кызыкчылыктарды коргоого багытталганын белгилөөдө.

Түркмөнстанда жергиликтүү ММКлардын баары, өзгөчө телеканалдар мамлекеттин катуу көзөмөлүндө. Кабелдик каналдар дагы цензура алдында жана фильмдердин адепсиз деп эсептелген бөлүктөрү көрсөтүлбөйт. Өлкө спутник телекөрсөтүүлөрүнө дагы тыюу салган. Түркмөнстандын алыскы аймактарында гана бирин-серин параболистикалык антенналарды кездештирүүгө болот.

Кино жана сериалдардын ордуна түркмөн телеканалдарында президенттин китептерин окушат.

Мыйзамда жаман адаттарга эмнелер кирери жана аны ким аныктары дагы так көрсөтүлгөн эмес.

Телекөрсөтүү жөнүндөгү мыйзам Түркмөнстандын кадыр-баркын жогорулата турган теле жана радиопрограммаларды жасоого чакырат.

https://www.youtube.com/watch?v=TJ5JDfqotmc&feature=youtu.be

https://www.youtube.com/watch?v=6Ck1fMJz4vc&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: