Menu

“Кооз курчак” Индира Жолдубаева менен Манас Арабаевдин былыктары…

Бөлүшүү:

Биз акыры ошол күңдөргө жеттик окшойт. Бийликтер революцияны эл үчүн өздөрү жасай башташты. Элдин талабы боюнча адилеттүүлүктү орнотуу үчүн коррупция менен принципиалдуу күрөш жүргүзүүнүн өзү жогору жактан жасалган тынч революция эмеспи?! Эл шайлаган президент Сооронбай Жээнбеков элге берген убадасында туруп, адилеттүүлүктү орното баштады, акты ак, караны кара деп, «ала кушту атынан чакырып» жатат. Анын эң чоң жеңиши ушунда болду, ал кудуреттүү прокурорлорго, сатылгыч судьяларга, кылмышкер милиционерлерге каршы согуш ачкандан корккон жок.

Индира Жолдубаева, Манас Арабаев, Рустам Ибраимов, Биринчи Май райсотунун судьясы Мирлан Термечиков соттук-укуктук реформа бөлүмүндө чогуу иштешкен. Анан эле күтүүсүз жерден Атамбаев айкырып, Аида Салянованы кызматтан алып салып, аны башка бир «кооз куурчак» Индира Жолдубаевга алмаштырды. Элдин шору ушунда экен, бул «кооз куурчактар» прокуратура системасында бир күн да иштешкен эмес, алар Атамбаевдин буйругун аткарганды гана билишчү…

Ошентип, Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп, өзүнүн ордуна соттук-укуктук реформа бөлүмүнүн башчылыгына Манас Арабаевди калтырат. Сот департаментинин башчылыгына да өзүнүн кол алдында иштеген Рустам Ибраимовду жиберет. Ошентип, айлампа түзүлдү. Баары көзөмөлгө алынды.

Алар канча саясатчыны түрмөгө отургузганын бүт Кыргызстан билет. Бул төртөө дагы канча адамды мыйзам боюнча эмес, жөн гана кылмышкерлердин түшүнүгү боюнча отургузушкандарын бизге АКС-УКМК башында турган тергөө органдары айтып берүүгө тийиш. Алар бул милдетти аткара алышабы – муну мезгил көрсөтөт. Эл адилеттүүлүктү күтүп жатат. Эгер адилеттүүлүк ишке ашпаса, дагы бир революция болушу мүмкүн, анда эч кимге аёо болбойт.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: