Бишкекте алдамчылыкка шектелип, соттон качып кеткен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 28-февралда билдирди.
Алардын айтымында, 2018-жылдын 2-октябрында Октябрь РИИБне арыз менен аял киши кайрылган. Анын ишеничине кирип, “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын ижарага алып, аны башка адамдарга сатып жиберген кишиге карата чара көрүүнү суранган.
Аталган факт Жазык кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран 2018-жылдын 9-ноябрында кармалган. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Октябрь райондук соту аны үй камагына чыгарган.
Бирок, бир айдан кийин, 10-декабрда ал үй камагынын эрежелерин бузган. Буга байланыштуу аны №1 ТИЗОго камашкан.
Ал шектүү былтыр, 12-июлда кайрадан кармалган. Бирок, Октябрь райондук сотунун чечими менен үйдөн чыкпоого милдеттендирилген. Мындан кийин кылмышка шектүү 2019-жылдын 7-октябрынан берри соттук отурумдарга келбей баштаган. Соттун чечими жокко чыгарылып, ал №1 ТИЗОго камакка алынган.
Бишкек ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн кызматкерлери Ш.А. 5-февралда кармашкан. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.
Учурда ал №1 ТИЗОго камакка алды.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ