Menu

Эл башчың ким болот: байыбы, же акылманыбы?..

Бөлүшүү:

Азыркы ашуу чегине жетип калган президенттик шайлоолорго кыйла эле чукул аралык калган кезде коомчулук арасында президенттикке реалдуу талапкер аталып жүргөндөрдүн бири — ​“Республика-Ата-Журт” партиясынын лидери, парламенттик аталган фракциянын лидери, таанымал бизнесмен Өмүрбек Бабанов тууралуу узун сабак сөз жүргөн. Ар кандай карама-каршылыктуу пикирлер орун алган.

Азыркы президенттик шайлоодо талапкер катары катышып жаткандардын дээрлик баары тең бай бизнесмен-ишкерлер экендиги маалым. Анан дагы, алардын өтө дымактуулары өзүнчө бир күчтүү, бай үй-бүлөлүк — ​туугандык кландык байланышка таянып турушканы ачык эле көзгө урунат. Ошол эле Бабановдор, Жээнбековдор, Төрөбаевдер,..

Албетте, абдан бай адамдардын саны Кыргызстанда да улам убакыт өткөн сайын көбөйүп жатканы жакшы дечи. А бирок, Кыргызстандын жалпы калкынын 90 пайыздан ашууну жакыр турмушта жашашып, ишке жарамдуу жарандарынын дээрлик баары тең (жашы жете элек жаш балдардан жана карыган чал-кемпирлерден башкасы!) чет жактарда күнүмдүк жашоонун айласын издеп жүрүшкөнү бийлик башындагыларды жана мамлекеттик саясаттын негизги багытын аныктагандарды такыр толгонтпогондугу зээнди кейитпей койбойт. Тескерисинче, алар өз жарандарын шайлоо учурунда добуштарын алууга келгенде жана кандайдыр бир саясий өнөктүк кампаниялары тушунда гана эстешкендей болушат. Алардын добуштарына жана колдоосуна утурумдуу болсо да муктаж боло калышкан чактарда гана!..

Ушул жагдайдан алып караганда, азыркы кыргыз электоратынын аң-сезимдүү түрдө добуш берүүчү бөлүгү өтө чектелүү экендиги түшүнүктүү. Электораттын бир топ олуттуу бөлүгү эбактан бери эле өз добуштарын ачык эле соодалашып, сатууга көнүп калышкан. “С паршивой овцы хоть шерсти клок!” демекчи, эгемендик башаламандык доордо ар кандай шектүү жолдор менен, же шылуундук кылып байып алышкан адамдар депутаттык, же башка шайлоолорго катышып калышса, алардын “арам акчаларын” колдорунан келишинче сыгып алганга аракет кылышат.

Электораттын экинчи бир чоң бөлүгү — ​“бул шайлоолор баары бир адилет өтпөйт, бийлик-байлык колунда тургандар баары бир каалагандай жыйынтыкты жасап алышат” деп ойлошот да, шайлоого барса да, анын жыйынтыгына кайдыгер карашып, же такыр эле “үнсүз бойкот” жасашып, добуш берүүгө барбай коюшат…

Демек, азыркы шайлоодо президенттикке талапкерлердин ортосунда шайлоочулардын үчүнчү жана эң эле “активдүү” бөлүгүнүн — ​пенсионерлердин, ар кандай деңгээлдеги муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин, студенттердин, медициналык кызматкерлердин добуштарын алуу үчүн айыгышкан күрөш жүрөрү анык. Өмүрбек Бабанов баш болгон президенттикке талапкерлер президент Атамбаевге улам-улам шайлоону адилет өткөрүп берүү өтүнүчтөрү менен кайрылып жатышканы бекеринен эмес. Алар электораттын дал ушул бөлүгү (шайлоо жыйынтыгына чечүүчү таасир бере алуучу бөлүгү!) каалагандай эркин боло алышпай, өз добуштарын жогортон берилген атайын көрсөтмөлөр аркылуу берип салышарынан чочулап жатышканы анча чоң сыр деле эмес.

Жакынкы убактарга чейин эле президенттикке реалдуу талапкерлердин бири катары саналып келген Темир Сариев азыркы кезде өз үгүт-ролик материалында теле аркылуу “талапкерлердин бири административдик ресурска ишенип, коркутуу жолу менен добуштарды алууга” умтулуп жатканын, экинчи бирөө “шайлоочуларды акчасына сатып алууга” ишенип жатканын күн сайын жүз ирет, талбай сайрап жатат. Арийне, ал шайлоо күрөшүндө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү артта калганын түшүнүүдө жана алдыңкы биринчи жана экинчи орунда бара жатышкан талапкерлерди атын атабай туруп, сындап жатканы түшүнүктүү эле болуп турат.

…Добуш берүү күнүнө чейин калган эң соңку мезгилде, талапкерлер да өз ара жиктеле башташкандыгы байкалат. Баягы эле “өтө байлары” жана “бир аз кембагалыраактары” деген принцип боюнча. Алардын ичинен кембагалыраактары (маселен, Адахан Мадумаров сыяктуу “мен акырына чейин күрөшөмүн!” деген сыяктуу куру намыстуу билдирүүлөрдү жасашканы менен да) түзүлүп калган реалдуу жагдайга туура баа беришип, өздөрү бир аз четке чыгышып, башка бирөөнүн атын сүрөөгө ынанып калышса, ашкере байлары болсо чечүүчү мөөнөткө кыска убакыт калгандыктан улам, безгек тийгендей калтырап-титирешип, шашылыш түрдө ар кандай жаңы аракеттерди жасоого далбас уруп жатышканы байкалууда.

Бакыт Төрөбаевдин адепки “төртилтикти” түзүүгө болгон аракети ишке ашпай калган соң, тез аранын ичинде, шашылыш түрдө Өмүрбек Бабанов (булар расмий ачылган президенттикке талапкердик эсептеринин көрсөткүчтөрү боюнча эң алдыңкы биринчи-экинчи орунда турушкан талапкерлер) менен тандем түзүүгө баргандыгы дал ошондой аракеттердин бири экендиги талашсыз. Кечээ эле президент болууга жеке өзүн гана татыктуу деп эсептеген Бакыт Төрөбаев, бүгүн өз амбициясын ооздуктоого мажбур болуп, президенттикке Өмүрбек Бабановду сүрөп, өзү премьер-министр болууга макулдугун бергендигине күбө болуудабыз.

Кыскасы, ашкере коммерциялашкан, келечеги бир аз бүдөмүк болуп турган шайлоо жыйынтыгы ойлондурбай койбойт. Коомдо акча, байлык, материалдык дүйнөнүн “культу” биротоло орноп бара жаткандыгы тынчсыздандырат. Ким билет, балким дал ушундан улам эл келечегин ойлобогон, өз чөнтөктөрү үчүн гана иштешкен (өзүм дегенде өгүздөй кара күчүм бар!) саясатчылар жогорку бийликке келип калып жатышкан чыгар?.. Өткөн чакка көз чаптырсак, бир кездеги күнүмдүк курсагы жакшы тойбогон жетим бала Исхак Раззаков кандай жетекчи болду эле?! Же, “мен президент болгондо мындай кылып кол коемун!” деп, көмүр жүктөгөн вагондорго көмүр менен жазып, “кол коюп” жүргөн шахтер өспүрүм Төрөбай Кулатов кандай эл сүйүүсүнө арзыды эле?! Же, карапайым, катардагы үй-бүлөдөн чыгып, трактор айдап, өз мээнети менен эл лидерине айланган Султан Ибраимов кандай деңгээлдеги, эч кимге салыштыргыс жетекчи эле?!

Дегеле, жеке бизнес, соода-сатык менен узак убакыт бою алектенген адамдардын жан-дүйнөлөрү (мировоззрениеси) кайра бурулгус болуп өзгөрүп кетери белгилүү. Алар бардык кырдаалдардан, бардык иш-аракеттерден бир гана пайда чыгарууну, кирешени гана ойлоп калышат. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекет кызыкчылыгы үчүн болсо жакшы дечи. А бирок, артында аларды бийликке алып келишкен “кланы — ​туугандары” турушпайбы?! Башкасын айтпай эле коелук, АКШ президенти Дональд Трамп жүргүзгөн саясатты эле карап көрөлүкчү. Чыныгы, суу кошпогон бизнесмен катары, ал дароо эле НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн баарынын алдына эсепти жайып коюп, ушунча карызсыңар, төлөйсүңөр деп талап кыла баштабадыбы… Аскердик союздаш, геосаясат боюнча өлкө келечеги сыяктуу түшүнүктөрдү уруп да ойногон жок. Эми болсо Германиянын мурдагы лидер менен болгон мамилеси бир топ салкындап, керек болсо Европада өз алдынча лидер болууга тымызын умтула баштаганы байкалат.

Эзелтен кыргыз эли материалдык дүйнөнү эч качан башкы орунга койгон эмес. Карт тарыхка кайрыла турган болсок, баланча хан же каган, ажо ашкере бай болгон жана ошонусу менен абдан сыймыктанган деген маалыматтарды жолуктурууга эч мүмкүн эмес. Тескерисинче, Барсбек өтө жаш кезинен жетим калышкан беш бир туугандын бири болуп, кийин чачылган элди бүтүн кылып бириктирип, сактап калган лидер болуп чоңойгон деген сыяктуу фактыларга кабылабыз. Демек, түптүү элибиздин айрым бир бөлүктөрү шайлоо учурунда анча-мынча адашса да, же шайлоо жыйынтыгына кайдыгер карашса да, негизги тагдыр чечүүчү бөлүгү өз жүрөктөрүнөн добуш беришет деп үмүт арта туралык…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: