Menu

Сергей Слесарев: “Албек Ибраимовдун иши боюнча тергөө көптөгөн мыйзамсыз нерселерди жасагандыктан, анын баарын ачык айтуу керек”

Бөлүшүү:

“Албек Ибраимовдун иши боюнча тергөө көптөгөн мыйзамсыз нерселерди жасагандыктан, анын баарын ачык айтуу керек” – деп билдирди Бишкек шаарынын экс-мэри, КСДП партиясынын мүчөсү Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев.

Октябрь райондук сотунда А.С. Ибраимовго карата кылмыш иши боюнча сот процесси башталды. Сот процессинин жыйынында судья ЖМКнын бардык өкүлдөрүн сыртка чыгарууну милициядан суранып, бирок адвокат С. Слесаревдин кийлигишүүсүнөн кийин фото жана видео тартууга гана тыюу са-луу чечимин кабыл алды.

С.Слесаревдин пикири боюнча судьянын мындай иш-аракеттери коомго мүнөздүү болууга тийиш сот адилеттигинин принциптеринин ачык-айкындуулугун бузуу болуп саналат. “Судьянын милициядан төртүнчү бийликтин өкүлдөрүн чыгарып жиберүү жөнүндөгү гана өтүнүчү болду. Журналисттер – кесибине жараша соттордо эмне болуп жатканын чагылдырган кадимки эле жарандар. Аларды залдан чыгарып жиберүүнү суранышканы – бул түздөн түз мыйзам бузууга жатат. Мыйзамда сот процесстерине каалагандардын баары катыша алат деп таптак жазылган , – деп билдирди адвокат.

Адвокат белгилегендей, кылмыш ишин Биринчи Май райондук сотунан Октябрь райондук сотуна өткөрүп берүүдө да тартип бузуу орун алган. “Биз судьялардын аймактык текшерүү маселесин кантип караганын билбейбиз. Бул биринчи бузуу. Мыйзам боюнча Биринчи Май райондук соту болушу керек эле, эмне үчүн Октябрь райондук соту болуп калды. Мындай бузуу кандай өкүм болбосун, жокко чыгарат. Бул Кылмыш-процессуалдык кодексин олуттуу бузуу жана муну баары жакшы билет”, – деп билдирди А.Ибраимовдун коргоочусу.

С. Слесарев ошондой эле сот процессин өткөрүү үчүн да ыңгайлуу шарттардын түзүлбөгөнүнө таң калганын билдирди. “Биринчи инстанциядагы сот процесс өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн тиешелүү орун жайды тапса болмок эле. Бул залда мындай өзгөчө оор айыптоолор боюнча жана 9 соттолуучу менен сот процессин өткөрүүгө болбойт. Мен бул жерде тергөө мыйзамсыз нерселерди ченемсиз жасагандыктан, анын баарын ачык айтуу керек деп эсептейм. Айтканда да басма сөз, мындай териштирүүлөргө катыша ала турган жарандар аркылуу айтыш керек. Мен коргоочулар үчүн да, айыптануучулар үчүн да тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү дагы бир жолу сурандым. Сотторду мындай өткөрүүгө болбойт”, – деп түшүндүрдү ал.

Адвокат ошондой эле Албек Ибраимовго карата коюлган айыптар мыйзамсыз жана негизсиз экенин кошумчалады. “Айыптоолор абдан олуттуу, “Коррупция” деген бир берененин аты эле айтып турат. Ал жакта жеке пайда табуу деген гана нерсе бар. Кылмыш ишинде болсо Ибраимовдун жеке пайда табууну көздөгөнү туурасында бир да сөз жок. Аталган иште тергөө бириктирип болбогон нерсени бириктириптир. Алар бир нече иштерди: Дастан боюнча эпизоддорду жана мэрия боюнча эпизоддорду бириктирип салышкан. Булар Ибраимовго байланышкан ар башка мезгилдер жана дегеле ар кандай адамдар. Бул өтө одоно бузуу болуп эсептелет.

Алар – коргоочулардын, айыпталуучулардын көптүгүнөн улам кароого таптакыр болбогон кылмыш ишин – монстрду жаратышты”, – деп белгиледи С. Слесарев.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: