Menu

Трамп “грин-карта” берүүнүн эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп «грин-карта» алуу эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Мамлекет башчы эки сенатор менен бирге The RAISE деп аталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда Кошмо Штаттарда жашап туруу укугун берүүдөгү лотереяларды жоюу сунушталган. Трамп тарабынан сунушталган системага ылайык, «грин-карта» алуу үчүн кезекке турууда англис тилин жогорку деңгээлде билген, жакшы кирешеге ээ жана АКШда суроо-талапка ээ адистиги бар мигранттарга артыкчылык берилет. Президент учурдагы системаны сынга алды. Айтымында, ал АКШга «кирешеси аз мигранттардын» келип, өлкөдөн социалдык жөлөк пулдарды алуусуна шарт түзүп берүүдө. АКШда жашоо укугун берген документтерди алуу боюнча учурдагы система 1990-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, “грин-карта” лотереялардын жыйынтыгы боюнча берилет. Ага АКШга миграциялык агымы аз болгон өлкөлөрдүн жашоочулары катышат. Жыл сайын бул система боюнча өлкөдө жашап туруу жана иштөө укугуна 50 миңге жакын киши ээ болот.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: