Ушул жылдын 27-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысын аныктоо максатында иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда Ысык-Көл районуна караштуу Ананьево айылынын күн батыш-түндүк тарабында жайгашкан талаадан 48 жаштагы И.Б. аттуу жегиликтүү тургун кармалып, жанынан өзгөчө жыты бар шектүү зат табылган. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында жалпы салмагы 7 килограмм 450 граммды түзгөн кара куурай баңгизаты болуп чыккан.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ