Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөт тарабынан 10 жыл мурда башталган айыл чарба реформасы натыйжалуу болбогонун билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, Түркмөнстан буудайды экспорттоо мүмкүндүктөрүнө ээ болуп туруп унду чет өлкөдөн сатып алууда.
Өкмөттүн 31-июлдагы жыйынында Бердымухамедов мамлекет тармактын өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөнү менен жыйынтыктар төмөн бойдон калып жатканын билдирди. Расмий маалыматтарга ылайык, быйыл буудайдын түшүмү пландалгандан кыйла аз болуп, күтүлгөндөй 1 600 миллион тонна эмес, 1 миллион гана тоннаны түзгөн. Буга байланыштуу облус жетекчилери менен вице-премьерлерге сөгүш жарыяланды.
Президент тарабынан айтылган айыл чарба тармагындагы кемчиликтердин арасында жердин арыкташы менен сапатынын начарлашы, түшүмдүүлүктүн азайышы, ошондой эле чет өлкөлөрдөн айыл чарба азыктарын сатып алуу үчүн каралган өлкөнүн алтын резервиндеги чыгымдардын көбөйүүсү бар.
Июндун соңунда фермерлердин тапкан каражаттарын накталай акчага которууда көйгөйлөр жаралып жатканы кабарланган. Маалыматтарга караганда, дыйкандар өлкөдө банкоматтардын жетишсиздиги жана накчалай акчанын тартыштыгынан, ошондой эле банкоматтардан алчу суммага чектөөлөрдүн киргизилгендигинен улам мамлекетке өткөргөн түшүм үчүн акчаларды алууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ