Menu

Президент Трамп Орусияга санкция киргизген мыйзамга кол койду

Бөлүшүү:

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койду.

Орусияга кошуп, Түндүк Корея жана Иранга санкция жарыялай турган бул мыйзам долбоору Конгресстеги демократтар менен республикачылардын жапырт колдоосуна ээ болуп, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Демилгечилер соңку чарага Орусиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтиришкен.

Жаңы мыйзам америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. Мыйзамга ылайык, санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат.

Президент Владимир Путин АКШ конгрессмендеринин жаңы чарасына жооп кылып, Орусиядагы миңден ашык америкалык дипломаттардын 755и кыскарат деп билдирген. Анын алдында Кремл АКШ дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: