Президенттикке талапкерлигин койгондордун арасынан 11 киши кылмыш жоопкерчилигине тартылган, алардын ичинен 7 адам соттолгон. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, азыр бул так маалымат эмес, себеби талапкерлерди каттоо жаңы аяктагандыктан, бардык талапкерлердин документтери текшериле элек. Бул туурасында: “Бир талапкер алдамчылык беренеси боюнча эки жолу соттолгон. Талапкерлердин соттуулугу жоюлганбы, жокпу текшерилүүдө. Үч талапкер бийликти күч менен басып алуу тууралуу айтканы үчүн бейбаштык беренеси менен кылмыш жообуна тартылган. Дагы бир талапкер коррупцияга жана алдамчылыкка байланыштуу жоопко тартылган”,-деп айтты. Ошондой эле ал талапкерлердин арасында жашы жете элек өспүрүмдү кылмыш жообунан мыйзамсыз бошотуп жиберген адам жана улуттук кастыкты козуткандар жана баңгизатын мыйзамсыз саткандар дагы бар экенин кошумчалады.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ