Menu

Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Бөлүшүү:

Казакстан Республикасынын Алматы шаарында бүгүн, 2-февралда, Россия Федерациясынын төрагалыгы астында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча интеграциялык бирикме алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Тактап айтканда, төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Санарип боюнча тапшырма.

2. Кант боюнча тапшырма.

3. «Авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча органды түзүү боюнча иштин жүрүшү жөнүндө» – Буйрук.

4. «Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын 26.09. №130-Чечимин жокко чыгаруу» – Тапшырма.

5. «Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын 14.11. №151-чечимин жокко чыгаруу» – Тапшырма.

6. «Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн макроэкономикалык абалы жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө» – Буйрук.

7. «Мүчө-мамлекеттер ортосундагы 2017-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө» – Буйрук.

8. Евразиялык экономикалык биримдиктеги идентификациялоо каражаттары аркылуу товарларды маркировкалоо жөнүндө келишим.

9. 2017-2018-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, кыйыр сырье, пахта буласы жана жүн боюнча талаптары жана сунуш баланстары жөнүндө» – Буйрук.

10. «Өнөр жай тармагындагы мамлекет аралык программаларды иштеп чыгуу, каржылоо жана ишке ашыруу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» – Чечим.

11. «ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө Келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелер жөнүндө» – Буйрук.

12. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2015-жылдын 8-майындагы № 13-чечимин ишке ашыруу жөнүндө» – Буйрук.

13. «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке Евразиялык Экономикалык комиссиянын мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө» – Буйрук.

14. «Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» – Буйрук.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны тар жана кеңейтилген курамда өттү. Анда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү – Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн башчылары жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышты.

Белгилесек, бүгүн, 2-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Алматы шаарына Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына жана Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча уюштурулган «Ааламдашуу доорундагы санариптик күн тартип» Эл аралык форумуна катышуу үчүн келген. Форумдун ишине Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россия Федерациясынын, Өзбекстандын премьер-министрлери, Азербайжандын жана Тажикстандын расмий делегациялары, бир катар ири эл аралык IT компаниялар жана эл аралык эксперттер катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: