Menu

Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айтмамат Назаров кызматтан кетти

Бөлүшүү:

Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айтмамат Назаров төрага кызматынан кетти. Бул маалыматты бүгүн, 2-ноябрда ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Маалыматка ылайык, ал башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу жумуштан кетип жаткандыгын белгиледи.

“Бүгүн мен расмий эмес жана атайын даярдалбаган, жүрөктөн чыккан кайрылуумду жалпы коомчулукка жана өзгөчө мени менен акыркы жылдары иш алып барган эң мыкты энергетиктерге жолдойм!
Менин жашоомдун дагы бир унутулгус бөлүгү аягына келип жетти. Бул кызыктуу убакытты мен энергетиктер менен бирге өткөрдүм. Эмгеги анчейин көзгө көрүнбөгөн, бирок эң маанилүү ишти аркалаган энергетиктер менен көп жетишкендиктерге жеттик. Биз бир үй-бүлө боло алдык. Кызматымдан кетүү боюнча арызымды жазып бердим. Рахмат энергетиктер”, – деп билдирүү калтырган Айтмамат Назаров.

Эскерте кетсек, Назаров “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгон, бирок убактылуу отставкага кеткенине карабастан, Назаров Улуттук энергетикалык холдингдин атынан ар кандай иш-чараларга катышып келген. Ал стратегиялык жайга катардагы жаран катары барган.

https://www.facebook.com/aitmamatnazarovv/posts/411793143544231

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: