Menu

Футболдо Месси кыйын болсо, кыргыз саясатындагы мыкты оюнчу Текебаев

Бөлүшүү:

Бир кезде Акмандан “көк пакет” көтөрүп борбор калаага келген, андан бери бир канча жолу парламентке депутат болуп шайланган, президенттикке “түбөлүк талапкер” деген атка конгон, Конституциянын атасы делип эсептелген Өмүрбек Текебаев тууралуу коомчулукта ар түрдүү кептер айтылып келет. Бул саясатчы эгемендүү мамлекет болгондон бери кыргыз саясатынын казанында кайнап, саясат айдыңында жамандыр-жакшыдыр өз ордун түптөй алганын эч ким жокко чыгара албайт. Айтканынан кайтпаган Текебаев кимге «асылса» ордунан оодармайынча жаны тынбайт. Кандай жол болбосун көздөгөнүнө жетиши керек. Мындайча айтканда саясаттагы кыргыз Мессиси. Ойногонду, кууланганды, соодалашканды андан мыкты өздөштүргөн саясатчы жок. Кечээки санаалашы экөө жасаган ишти өзүнүн кызыкчылыгы үчүн  садагага чаба салат. Бөлөк саясатчылардан айырмасы, кармашам деген атаандашы менен акыр-аягына чейин кармаша алганында. Бирок, Өмүкенин да эл алдында абийири таза болбой калган. Этеги жаман жерден үзүлгөн. Текебаев дегенде эле көпчүлүгү курду айтып киришет.

Мукалай Мойноков,   Жети-Өгүз районунун тургуну:

— Өмүрбек Текебаевди өтө жакшы билип, жанында жүрбөгөндүгүм үчүн анын адамдык сапатын мындай деп айтуудан алысмын. Бирок, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан тартып саясатка аралашып келе жаткан саясатчы катары ага болгон өз баамымды айтса айтайын. Биз мындан көп жыл мурун жер тилкелер боюнча маселе болуп Өмүрбек Текебаевге кайрылганбыз. Алар депутаттык комиссия түзүп көйгөйүңөрдү чечип беребиз дешти. Аягында эл көтөргөн эч бир маселени чечип бербей, бизди сатып кетишти. Балдары сабап кеткен күндөрү дагы болду. Эми мындай иштерин айта берсек Текебаев таптакыр Жогорку Кеңеште отурбашы керек болуп калат. Эл өкүлү дегенди эл шайлайт. Ал карапайым калктын баардык көйгөйлөрүн угуп чечүүгө аракетин жумшаш керек да, туурабы. Биздин депутаттар тескерисинче элдин акысын жеп, бир көрүнүктүү иштерди аткарышпады. Мындай акмакчылык иштерди качан токтотуп, эл үчүн жан үрөгөн саясатчылар качан пайда болот билбейм.

Илгиз Чалбараков, журналист:

— Мен үчүн Өмүрбек Текебаевге саясатчы катары бир өңчөй баа берүү кыйын. Анткени аны менен жеке тааныш болуп, саясий иштерге бирге аралашып жүрбөгөндөн кийин тигиндей же мындай деп айтуу оңой эмес. Учурда ал тууралуу түрдүү ойлор айтылууда. Айрымдары эл-жер деп, өлкө үчүн жанын тобокелге салып жүргөнүн айтышса, башкалары саясий упай топтоо аракетин көрүп, өз былыктарын жашырууга жан үрөп жатканын айтып жүрүшөт. Чынында кандай экенин кийин тарых тастыктаса керек. Ал жөнүндө кандай гана пикирлер айтылбасын анын саясатта салмактуу орду бар инсан экенин эч ким танбаса керек.

Насипа Камилдинова,                студент:

— Чынында Кыргызстандагы эң алдыңкы саясатчылардын бири деп Өмүрбүк Текебаевди айтса болот. Анткени жамандыр-жакшыдыр саясатта кыргыз үчүн жасаган көп эмгектери бар. Айта берсе баардык адамдардан айып тапсак болот. Пенде идеалдуу болуп жаралбаптыр да. Бирок, Текебаев мен жакшы көргөн саясатчылардын бири. Качан болсо чындыкты сүйлөп, маселени көтөрө билип, келжирбай саясатчылардын катыгын берип келе жатканы чындык. Бизге мындай саясатчылардан дагы көп керек болуп жатат. Текебаев жалгыз баш болуп, азыр анчейин чыга албай турат. Ушундай саясатчылар болсо акырын сомдолуп саясатта кынтыксыз абал түзүлөт.

Кусейин Советбеков,                  жеке ишкер:

— Азыркы саясатчыларды өтө деле баалай бербейм. Анын ичинде Өмүкең качан болсо сөз менен баарын жайлап, түлкүчө ары-бери жойлоп жүргөнү жүргөн. Айта берсе сөз көп, азыр эми оппозицияга өтүп алып, катуу иштерди жүргүзүп жатат. Президент менен эрегишип, анын ар бир баскан изин сындоодо. Албетте менин оюмча оппозиция деген болуш керек. Бирок бизде ашыкча эле. Бул кишинин саясатта өз орду бар, бирок эл-жер үчүн эмне кылып койду билбейм. Биздин депутаттардын баары эле өзү үчүн иштеп, өздөрүнүн кызыкчылыгынан кийин анан башкалардыкын коюп жатышат.

Мээрим Болотбекова,               Бишкек шаарынын тургуну:

— Менин оюмча Өмүрбек мырза Кыргызстанда өтө чоң саясатчы. Ал жок кыргыз саясатын элестетиш кыйын го. Билесиздерби абдан мыкты оюнчу экенин. Кандай жагдай болбосун утуп чыгып, эч кимди алдына салдырбай, алдынан чыкканын оодара тартып түшүрүп келет. Мен бул кишини орустардын Жириновскийине окшотом. Ал улутчул, айрым учурларда ачуулуу болуп өзүн кармана албаган киши болгондуктан орус саясатында өз ордун таап келет. Текебаевде албетте улутчулдук сезим бар. Адам болгондон кийин ар кимде айып болот экен. Бул кишинин да айрым жаза басып алган жерлери бар. Бирок саясатчы катары баалайм. Өзүнүн жанына жаштарды алып тарбиялап өстүрсө деп ойлойм. Анткени, Текебаев дагы саясаттан бир күнү кетсе, артында анын ишин уланткан бирөө болуш керек да.

Алина Салимова, студент:

— Өмүрбек Текебаев жөнүндө түркүн кептер айтылып жүрөт. Эми мен саясатты жакшы түшүнбөсөм да аны кыргыздын бийлик башында тургандардын катарында турган киши катары анын айрым иштерин сөз кылсам, баа берсем болот. Менин баамымда азыркы саясатчылар өздөрүнө упай топтош үчүн Ак үйдөн чыкпай аялдарча иштерди жүргүзүп калышты. Текебаев түлкүдөй куу адам экен. Сүйлөсө тоону томкоруп ийчүдөй сүйлөйт да эч нерсе жасабайт. Акыркы мезгилдерде топтоп алган байлыктарын сактоонун аракетиби же талап-тоногонубуз билинип калбасын, элди ушинтип тирешип, алаксытып туралы дештиби түшүнүксүз. Болбосо бир команда болуп бийликке келишпеди беле. Анан эле эки тарап болуп айтышканын бир да кыргыз түшүнө албай калды. Кыскасы кыргызымды Кудай сактаса экен. А мен Текебаев эле эмес баардык бийликте отурган жеп-жутарлардан түңүлүп калгам.

Айдар Кожомкулов, соодагер:

— Менимче Текебаев мыкты саясатчы. Кыргызстан эгемендигин алгандан тартып элге ак кызматын өтөп келе жатат. Конституциянын атасы деп жүрүшпөйбү. Бизде өзүңүздөр билесиздер, элибиз аз болгон менен саясатчыларыбыз абдан көп. Ошол топтун ичинде оозунда сөзү, башында олчойгон билими бар тажрыйбалуу саясатчы. Негизи сын айтуу, сындоо абдан оңой, бирок ишти аткара билиш, жакшы адам болуш өтө кыйын маселе. Азыр аны жамандап, жада калса жеке жашоосунан бери кийлигишип, бетине кара көө сүрткөндөр болгон. Ага карабай чындыкты ар дайым айтып, баштагы өткөн практикасына жана келечекке карай кыргыздын келечеги деп күйгөн инсандардын бири. Эми мен кылган жакшы иштерин тизмектетип айтып өтө албайм. Бирок адам болгондон кийин баарыбызда кемчилик болот. Ал киши саясатчы болгонуна байланыштуу айрым учурларда жаза басып алган учурлары да болгон чыгаар. Бирок мен аларды айта албайм.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: