Бүгүн, 12-ноябрда президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров пресс-конференция өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Анда Садыр Жапаровго инвесторлор тууралуу суроо узатылды. Суроого Садыр Жапаров төмөндөгүдөй жооп узатты.
“Инвесторлорго эч кандай куугунтук болбойт. Мына акыркы бир айда 100дөн ашуун инвесторлорду кабыл алдым. Ошол адамдардын 50ү чоң бизнес менен келген инвесторлор. Алар мурда келип жүргөн экен. Ошол убакта ылдый жактагылар алардан акча сурачу. Керек болсо президентке киргизиш үчүн 50 миң доллар сурашчу. Мен бардыгына айттым, мындан кийин андай болбойт. Мамлекет менен инвестордун ортосунда келишим болот. Инвестордун дагы, мамлекеттин дагы кызыкчылыгы бирдей сакталышы керек”, – деп жооп узатты Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ