Темир Сариевге кошулуу үчүн Мыктыбек Абдылдаев убадасын бергенин эшиттик. Албетте, ортодон жиреп чыгышып, айнытуулар да көп болуп атыптыр. Жакында биригүү расмиси алкагында кенен маалымат жарыяланат экен. Кыргыз интеллигенциясына үлгү болгон Абдылдаев аксакалдын кадыр-баркы чын эле жогору, эми көч баштай Темикени колдоп чыкса, артынан жоон топ саясый элита да «Акшумкардын» штабына имерилеби? Негизи Мыктыбек байке кайсы саясый күчкө кошулбасын, ар дайым жеңишти камсыздап, жүзүнүн жарык экенин ырастап келет. Бу саам чүйлүк инисин колдоого токтолгону да бекеринен эмесго?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ