Menu

ЮНЕСКОнун студент-окутуучу чырындагы изи

Бөлүшүү:

Вашингтондо чыккан «Inside Highered» басылмасы 2019-жылдын январь айында Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинде «окутуучу студентке жыныстык ыдык көрсөттү» деген чырдын ЮНЕСКО менен байланышын иликтеди. Аталган басылмага Арарат Осипиан деген лакап ат менен Жорж Мейсон университетинин окумуштуусу, профессор Александр Миртчев: «Жыныстык ыдык көрсөтүү – дүйнөдөгү чоң мүшкүл. ЮНЕСКО да ар дайым аны менен күрөшүү зарыл экенин белгилеп келет. Университеттерде бул мүшкүл көп болсо да, алардын жетекчилери кайдыгер мамиле кылган учурлар көп. ЮНЕСКО жыныстык ыдык көрсөтүүгө каршы уюмдардын башында тургандыктан, жогорку окуу жайларындагы мындай көрүнүштөргө көз жумбашы керек. Кыргыз-Орус (Славян) университетинде теологиядан сабак берген окутуучу Денис Брусиловский 19 жаштагы студентине телефон аркылуу жыныстык ыдык көрсөткөнү тууралуу кабар 2019-жылдын башында тараган. Окуя боюнча териштирүү да башталган. Бирок диний экстремизм, толеранттуулук, диний туризм жана философия боюнча сабак берген Брусиловский студентин «жалган жалаа жаап жатат» деп чыккан.

Кыргызстандын жазык кодекси боюнча кимдир-бирөөгө ыдык көрсөткөн киши катуу жазага тартылат. Эгер айыбы далилденсе, кылмышкер 2,5 жылга кесилип, 220 миң сомдон 300 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Бирок бул өлкөдө мындай кылмышты далилдеш өтө эле кыйын. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда көпүрө саналган университет 2016-жылы студенттер менен окутуучулардын өз ара мамилесинин этикалык кодексин да иштеп чыккан. Анткен менен окуя кандай бүтүп, окутуучунун күнөөсү далилденип-далилденбегени азырынча белгисиз.

Бул ишке ЮНЕСКОнун кандай тиешеси бар? Тиешеси ушул: «студентине ыдык көрсөттү» деп айыпталган Брусиловский иштеген Дүйнө маданияты менен диндери кафедрасы Кыргыз-Орус университетинде ЮНЕСКОнун көмөгү менен 1999-жылы ачылган. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму жыныстык зомбулукка каршы резолюция кабыл алды. Балким ЮНЕСКО студент менен окутуучунун ортосундагы чырды кылдат иликтөөнү талап кылса, бул иш ордунан жылышы ыктымал»,- деген оюн жазат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: