Жогорку Кеӊештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети коррупциялык жосундарга каршы күрөшүү аракеттеринин натыйжалуулугун арттыруу максатында депутат Аида Салянова тарабынан сунуш кылынган “Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жактарды коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечинин айтымында, мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарына коррупциялык кылмыш тууралуу маалымат берген адамдарды сыйлоо чаралары каралган. “Долбоорго ылайык, маалымат берген адамга коррупциялык жол менен берилген паранын 30 пайызын берүү сунушталууда. Бирок, материалдык сыйлоонун өлчөмү 100 миӊ сомдон ашпоого тийиш”, – дейт депутат Аида Салянова.
Андан сырткары, мыйзам долбоорунда укук коргоо органдарына коррупциялык кылмыш фактысы тууралуу маалымат берген адамды коргоого алуу, тагыраак айтканда, 3 жылгы чейин кызматынан төмөндөтпөө же башка кызматка которбоо чаралары каралган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ