Menu

Нариман Түлеев: Алмазбек Атамбаев камалганга моралдык жактан даяр экен…

Бөлүшүү:

—Нариман Ташболотович, сиздер Москвага учкан күн 22-октябрь эле. Андан үч күн мурун экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, президент кезиндеги кеңешчиси Икрам Илмиянов камалды эле. Ал боюнча экс-президенттин оюн уга алдыңызбы?

—Икрам тууралуу дагы сөз болду. Ал айтат: «Икрам таза жигит, жөн эле камап коюшту» деп. Мен айттым: «Алмазбек Шаршенович, Икрам кандайча таза жигит? Сиз президент болгон жылдары «серый кардинал» катары так ушул Икрамдын гана аты аталып атпадыбы. Мына азыр камакта жаткан бизнесмен Рустам Мамановдун кылмыш ишинде дагы так ушул Илмияновдун аты аталууда. Анан кантип таза дейсиз?» – десем. «Ал Маманов боюнча сенден угуп атам, мен билгенден Икрам таза жигит» деп өз оюн таңуулады…

—Маегибиздин башында айтып өттүңүз го, Түлеев Атамбаевден кечирим сураган деген катты Фарид Ниязов даярдаган деп…

—Ооба, мен дагы бир жолу айтып коёюн. Мен камалган учурда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кат жазгам, бир эмес, бир нече жолу. Бирок, кечирим сурап эмес, менин ишимди калыстык менен каратып бериңиз деген мааниде. Анан Ниязов мени кечирим сурады кылып кат даярдап «шефине» көргөзсө, анан ал катты элге жарыялатып атпайбы. Алмазбек Атамбаев Фарид Ниязовго да чаң жугузгусу келбейт экен. Бирок, мен: «Фарид жакында камалат! «Вечерний Бишкекти» кандай мыйзамсыз тартып алды Ниязов? Бирөөнүн мээнетин мыйзамсыз бирөөгө ыйгаруу Кудайга да жакпайт. Бул боюнча так ошол Фаридиңиз жоопкерчиликке тартылышы керек» деп айттым…

—Бул боюнча айтканыңызда эмне деди?

—«Жок, ал таза»-дейт.

—Демек, ТЭЦ маселеси менен камалган дарды дагы күнөөсү жок, алардын баары таза адамдар десе керек…

—Ооба, ал боюнча айтып берди. Камалган балдардын күнөөсү жок дейт. «Буларды чыгарыш керек» дегенде, мен айттым: «Алмаз Шаршенович булардын чыгышы кыйын болуп калды го. Азыр дагы эч нерсе эмес, Шаардык сот, Жогорку соттон күнөөсү далилденип чечим чыкканда сезесиз. Камалган 10 баланын ага-тууганы, ата-энеси, жубайы, балдары эшигиңизди сагалап келгенде анан баарын түшүнөсүз. Ошондо ушул 10 бала камалганча, менин өзүм жалгыз камалганым жакшы болмок деп ойлойсуз…» -десем, «Айтканың туура, бирок, балдарды чыгарыш керек!» дейт. Анан мен айттым: «Алмаз Шаршенович, сиз балдарды чыгарыш керек деп, бир кездеги мендей болуп жатыптырсыз. Мына мен өзүм менен чогуу камалган балдардын тагдырын ойлоп, алар күнөөсүз күнөөлүү болсо дагы, айып пулун төлөп чыгарып алдым. Башкача айтканда, мени күчкө салып 62 миллион сом төлөттүңүз. Мына ошонун 18 миллиону өзүм үчүн болсо, калганын мени менен камалган балдардын, башкача айтканда, командамдын моюнуна илинген айыптоо үчүн төлөп берип чыгардым. Сиз дагы соттун чечиминен кийин камактагы балдарыңыз, өз командаңыз үчүн, моюнуна илинген каражатты төлөп берип чыгарышыңыз керек» десем, «Анда кыйың болуп калат го» -дейт…

—Камактагылардын сотуна чекит коюла элек да…

—Азыр тергөө жүрүп атат да. Мен экс-президентке учакта жолукканда сөз арасында айттым: «Эгерде камактагы балдардын баары өз көрсөтмөсүн берип. Тагыраак айтканда, «Биз эмес, баарын жасаган ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев» десе, кандай кыласыз? десем, «Эмне кылам? Качып кетмек белем, башка салганын көрөм…» деген оюн айтты. Менин жеке пикиримде, Алмазбек Атамбаев камалганга моралдык жактан даяр экен…

—Демек, бул сөздөрү менен камакта жаткан командасына кабатырланып жатканын баамдасак болчудай…

—Камалгандарда күнөө жок дегендей айтканы менен, президенттик акыркы жылдарында күч структураларын жетектеген «сүйүктүү» кадрларына капа экен. «Менин жанымда кандай тездик менен пайда болсо, мен кызматтан түшкөндөн кийин так ошондой тездик менен жок болуп кетишти» деп нааразы болду.

—Кимдер ошондо?

Жок болуп кеткендер толтура да. Жолдубаева, Сегизбаев, Сүйүнбаев деген сыяктуулар жок болуп кетти го. Ошолорго капа болду. Аны менен катар мен ошол жок болуп кеткендер тууралуу билгендеримди айтып бердим…

—Эмнелерди билчү элеңиз?

—Ошолор кызматта турганда кантип байыганын, кайсыл мамлекеттерге бизнес ачып, кайсы өлкөгө «Вип Отель», беш жылдыздуу мейманканаларды салгандарын айтып берсем, мага таң калды, «Мунун баарын сен кайдан билесиң?» деп. Аны менен катар өтө кейиди: «Мен баарын кеч билип калдым, учурунда билбей калбадымбы. Жанымда жүрүп эле жок болуп кеткенде, аябай таң калдым. Булар артында былыгы болгону үчүн менден эртерээк качканга аракет кылышыптыр да…» дегенде мен:«Алар сизге билгизбей жасайт да, аларга кудай берип салды. Сизге жаңы келгенде эч нерсеси жок жүргөндөр бүгүн кандай турмушта, кандай үйдө жашап атканын, кандай машина минип жүргөнүн карасаңыз» десем, башын ийкеп, унчуга алган жок. Макул болду. Анан айтат, «Мен аларды таза иштегиле деп айына 10 000 (он миң) доллардан өз чөнтөгүмдөн берип турчумун» деп. «Алар сиз берген 10 миң долларды майда-чүйдөсүнө, балдарынын ары-бери жүргөнүнө эле коротчу. Алардын акча тапкан булагы башка жакта болчу» дедим. Баш ийкеп укту, кейиди, ошол кадрларды кызматка, болгондо дагы чечүүчү орундарга койгонуна өкүнүп жатканын билдирди. Сөз арасында: «Кайра мүмкүнчүлүк болуп калса, ушуларды эле коет белеңиз кызматка?» десем, «Жок, андай болсо, мен эми таптакыр башкача кылмакмын» дейт…

—Ошол күч структураларын жетектегендердин мыйзамсыз иш алып барганы аныкталса, алар да жоопкерчиликке тартылышы керек да?

—Аны Атамбаев өзү деле айтты. Алардын мыйзамсыз иштери далилденсе, жаза тартылыш керек деп…

—Кайрадан сөздү «селфи» темасына бурсак…

—Ошол биздин “селфи” сүрөт интернетке чыкканда соцтармактарда укмуш билдирүүлөр жазылбадыбы. Айрымдар биздин жылмайып түшкөнүбүз боюнча сын айтышпадыбы, «Түлеев душманы менен кантип сүрөткө түштү» дегендей. Биринчиден, мен чуркап барып жолуккан жокмун, ал өзү келди: «Экөөбүз бир сүйлөшүп албайлыбы» деп. Анан чогуу олтуруп баарлаштык. Экинчиден, мен айтчу сөздөрүмдүн баарын экс-президенттин бетине айттым, мени кандай кордук менен кыйнаганын, президенттин атынан (ред. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев) кимдер келип канча акча сураганын, кимдердин эмне дегенин. Атам менен апамдын эмнеден улам эрте өтүп кеткенин, алардын өлүмүнө себепкер болгонун көзүнө тике карап айттым. Ичимден уйгу-туйгу болуп, ичимден сыздап турсам дагы мен ошону билгизген жокмун. Ал жерде менин кандай бушайман болгонумду өзүмдөн башка эч ким билбейт. Бир гана менин максатым, айтчу сөздөрүмдү айтып алуу болду, мен баарын ачык айтып максатыма жеттим. Ал эми жылмайып түшкөн «селфи» сүрөткө түшкөнүбүздүн себеби, башында айтып өткөндөй, элге аман-эсен жеткенибизди билдирип коюш эле болгон…

—«Карап койсо күлдү деп, күлүп койсо сүйдү» дегендер сиздердин учактагы «селфиден» соң «Атамбаев+Түлеев» тандеми түзүлдү деп жар салып чыгышпадыбы? Мындан аркы Атамбаев менен болгон мамилениз кандай өңүттө уланат?

—Учакта бирге учуу, анан жанашып бир жолу «селфи» кылып койгон тандем түзгөнгө жатабы? Кызыктай адамдар бар. Менин жолум башка, экс-президенттин жолу башка. Ал узап атып айтты: «Нариман Бишкектен дагы жолугалы, сүйлөшөлү» деп. Мен айттым: «Жо-ок, экөөбүздүн жол башка, сизге эми эмне деп жолугам? Андан көрө менин мыйзамсыз өтүп кеткен мүлктөрүм боюнча көрсөтмө берип коюңуз, мага ошол жетиштүү» -деп.

(Уландысы кийинки санда)

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: